Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:52

АКШ президентинин өкүлү Жакынкы Чыгышка алдыдагы аптада барат


Барак Обама Израил менен Палестинанын тынчтык сүйлөшүүлөрүн кайра жандандыруу аракетинде жана Газа тилкесинде олку-солку болуп турган тынчтыкты бекемдөө үчүн Жакынкы Чыгыш боюнча жаңы өкүлү Жорж Митчеллди аймакка алдыдагы аптада жөнөтүүнү пландоодо. Бул маалыматты бүгүн Израиль өкмөтүнүн өкүлү ырастады. Батыш жана араб дипломаттарынын маалымат агенттиктерине айткандарына караганда, АКШнын чабарманы Израилден тышкары Египетке жана Палестинга да барат. Бирок Жорж Митчеллдин палестин президенти Махмуд Аббас менен гана жолугушуусу белгиленген, Газа секторун көзөмөлдөгөн Хамас уюмунун лидерлери менен түз сүйлөшүүсү күтүлбөйт.

Өткөн аптада Жорж Митчеллди Жакынкы Чыгыш боюнча атайын өкүлдүккө дайындап жатып Барак Обама Израилдин Хамаска каршы 22 күнкү чабуулунан соң ок атышууну токтотуу боюна жетишилген макулдашуунун узактыгын жана туруктуулугун камсыздоо үчүн өкүлүн аймакка жакын арада жиберерин айткан эле.

XS
SM
MD
LG