Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:23

Газа тилкесин камалоо токтотулса, Хамас Израил менен элдешүүгө барат


Элдешүүнүн мөөнөтү бир жыл деп белгиленүүдө. Хамастын өкүлү Айман Таха бул тууралуу жекшембиде Каирде Египеттин өкүлдөрү менен сүйлөшүүдөн кийин билдирди. Буга чейин Изрилдин делегациясы ушундай эле сүйлөшүүлөр маалында бир жарым жылга элдешүүнү жана чек ара жолдорунун бир бөлүгүн ачууну сунуш кылган болчу. Израилдин Газа тилкесиндеги операциясы 18-январда аяктаган, бирок тараптар элдешүүнүн шарттары тууралуу макулдаша элек. Анын аралыгында АКШ президенти Барак Обама Жакынкы Чыгышка өзүнүн чабарманы Жорж Митчелди жиберди.

XS
SM
MD
LG