Бул тууралуу Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинен кабарланды. Жалпысынан 2008-жылы эмгек тууралуу мыйзамдардын аткарылышы, эмгек укугунун сакталышы боюнча өлкөдө бир миңден ашык ишкана-мекеме текшерилген. Иш маалында оор жаракаттарга жана адам өлүмүнө алып келген 105 окуя иликтеген. Натыйжада жабыркаган тараптарга 21,4 миллион сом өндүрүлүп берилген. Министрликтин маалыматына ылайык, эмгек келишимин түзбөө, мыйзамсыз иштен кетирүү, айлык акынын көлөмүнө алымсынбоо, жетекчилердин адилетсиз сөгүшү сыяктуу учурлар азыр көп катталууда. Менчик мекемелердин кызматкерлеринин арыздануусу жыл сайын көбөйүүдө. Каржы каатчылыгына байланыштуу иштен топ-тобу менен кетирүүлөрдүн алды алынып,кризиске каршы чаралардын программасы иштелип жатат. (EBM)