Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:14

Ө.Текебаевге Кара Буура РИИБи тарабынан 20-январда кылмыш иши козголду


Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, Кара-Буура райондук ички иштер бөлүмү Талас облустук прокуратурасы менен макулдашып Кылмыш-Жаза кодексинин 242-беренесинин 1-бөлүгү боюнча (куралды мыйзамсыз жасоо жана оңдоо) Текебаеге каршы кылмыш ишин козгогон. 24-мартта Ө.Текебаев Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө башкармалыгына чакыртылып, Кара-Буура РИИБинин кызматкерлери тарабынан Кылмыш-процессуалдык Кодексинин талаптарына ылайык, шектүү адам катарында суракка алынган. Ө.Текебаев коргоочусунун катышуусунда “Сайга” мылтыгын сатып алгандыгы, алып жүргөндүгү, сактоо фактысы боюнча көрсөтмө берүүдөн баш тарткан. Ал эми “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев мыйзамдын негизинде «Сайга» карабинин алып жүрүүгө толук укугу бардыгын, экспертиза мылтыктын ок дарысы стандартка туура келерин далилдегенин «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, милиция кызматкерлери карабиндин 30 ок баткан ок чонтоюун колго жасалган деп айып тагышы мыйзамсыз. «Экспертиза окчонтойду дагы дүкөндөн сатып алынганын далилдеди. Бийлик эптеп шылтоо таап оппозициячыл саясатчылардын 30-январда Москвадагы Карнеги борборундагы жолугушуусуна бут тосууда»,-дейт Текебаев. ИИМдин басма сөз кызматынын билдиришинче 17-январда Кара-Буура РИИБ кызматкерлери Өмүрбек Текебаевге тиешелүү «Мерседес Бенц- 320» № В 00-88 ВА мамлекеттик номурлуу авто унааны текшергенде, алдыңкы орундук менен жүргүнчүлөр отуруучу орундуктун ортосунан «Сайга» карабини 23 огу менен, «BLOW COМРАСТ МОD – 2002» газ тапанчасы, «ESСОРТ» винчестер мылтыгы 6 огу менен табылган. (AJ)

XS
SM
MD
LG