Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:38

Милиция үй-бүлөдөгү зомбулукка каршы күрөшкө тартылат


Былтыр Бишкектеги жана Ысык-Көлдөгү дээрлик баардык милиция кызматкерлери үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукту азайтуу боюнча атайын окутуулардан өткөн. Демократиялык жараяндарды иликтөө борборунун деректири Таалайгүл Исакунованын билдиришинче, быйыл окутуу иш-чараларына өлкөнүн баардык тартип коргоо кызматкерлери тартылмакчы. Т. Исакунованын маалымдашынча, “Үй-бүлөдөгү зомбулуктан социалдык-укуктук коргоо жөнүндөгү” мыйзамга ылайык, үйдө зомбулуктун айынан адам өмүрүнө коркунуч туулган кезде милиция кызматкерлери ал үй-бүлөнүн иштерине кийлигише алат. Бирок бул мызам иш жүзүнө ашырлбай жатат. Иликтөөлөргө ылайык, Кыргызстанда адам өлтүрүү жана адам өмүрүн кыюуга далалат кылган, деп айыпталып абакта отурган аялдардын дээрлик көпчүлүгү узак убакыт боюу үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун курмандыгы болуп келген. (EBM)

XS
SM
MD
LG