Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:35

27-январь: Тарых барактары


Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасынын административдик бирдигиндеги Фрунзе областы 1959-жылдын 27-январында жоюлган. Кыргызстандагы Япониянын элчилиги ачылыш салтанаты 2003-жылдын 27-январында өткөрүлгөн.

Түркстан чөлкөмүнүн жер иштетүү наркомунун 1918-жылдын 27-январь күнкү жер-суу комитеттерин куруу туурасындагы калкка кайрылуусу, Совет бийлигинин Кыргызстан аймагында орношуна чечүүчү салым кошкон. Ушул күндөн тарта Кыргызстан аймагында жер-суу комитеттери уюшулуп, кедей-дыйкандар өз эркиндиги үчүн күрөшүүгө киришкен.

Сталиндик кандуу террор маалында жазага тартылган Кыргызстан партия комитетинин биринчи катчысы М. К. Аммосовдун зайыбы Раиса Израилевна жолдошун актап берүү өтүнүчү менен 1955-жылдын 27-январь күнү аскер прокуроруна арыз жазган. Раиса Израилевнанын арызында, Аммосовдун антисоветтик чакырыктарын жалгыз НКВД жетекчиси Лоцмановдун гана уккандыгы айтылат. Ошондуктан анын жалган экендигин белгилеп, ал жолдошунун акталышын өтүнгөн.

М. К. Аммосов өз убагында Кыргызстан партия комитетинин биринчи катчысы катары эмгектенген. Улуу октябрь социалисттик революциясынын 20 жылдык майрамынын урматына арналган 1937-жылдын 7-ноябрь күнкү Фрунзе шаарынын борбордук аянтындагы эмгекчилердин парады маалында, ал трибунадан күтүүсүз жерден демонстранттарга «Жашасын бүткүл дүйнөдөгү фашизмдин жеңиши!», - деп жар салган. Эмгекчилердин парады бүтөөр замат, Кыргызстан большевиктер коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин чукул чакырылган бюросу өткөрүлүп, партия комитетинин биринчи катчысы М. К. Аммосов кызматынан четтетилген.

Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасынын административдик уюшулушунда буга чейин 20 жыл бою Фрунзе областы болуп аталып келген бирдик 1959-жылдын 27-январында жоюлган. Фрунзе областы мурда Фрунзе округу, ага чейин Фрунзе кантону деп аталган. Кыргызстан эгемендик алып, өз алдынча административдик реформа жасаганга жетип, 1991-жылы Чүй областы уюшулганга чейин ал республикалык маанидеги райондор биримдиги болуп келген.

Кыргызстандагы Япониянын элчилиги ачылыш салтанаты 2003-жылдын 27-январында өткөрүлгөн. Элчиликти ачуу салтанатына Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр палатасынын төрагасы Алтай Бөрүбаев баштаган мамлекеттик бийлик өкүлдөрү катышкан. Бишкек шаарында орун алган Япония мамлекетинин элчилигинин ачылышына япон парламентинин тышкы иштер боюнча катчысы Цутия Шинако, Япониянын Кыргызстан менен Казакстандагы элчиси Тосио Цунодзаки катышып, алар элчиликтин ачылышы эки тараптуу мамилени мындан дагы арттыраарын белгилешкен. Япон элчиси Тосио Цунодзакинин айтымында, элчилик Кыргызстандагы төрт уюмга «Чөптүн тамыры» аттуу программанын алкагында грант берээрин билдирген.

Күңкорсуз мамлекеттер шериктештигинин аткаруу комитетинин төрагасы Владимир Рушайло жетектеген расмий делегация 2005-жылдын 27-январь күнү Бишкекке иш сапары менен келген. Ушул эле күнү Владимир Рушайлону мамлекет башчысы Аскар Акаев кабыл алып, жабык эшик аркасында үйлөшүү жүргүзгөн.

Владимир Рушайлонун Бишкекке жасаган визит маалында ал, Кыргызстандын өкмөт башчысы Николай Танаев, тышкы иштер министри Аскар Айтматов, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаев менен жолугушуп сүйлөшүү өткөргөн. Жолугушуу жүрүшүндө парламенттик шайлоого КМШ өлкөлөрүнөн жиберилген байкоочулар өкүлчүлүгүн ачуу салтанаты жасалган.

XS
SM
MD
LG