Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Сентябрь, 2023-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:51

Кыргызстанга тиешелүү кичи автобус Тажикстанда ташбутага алынды


Баткен-Көк-Таш каттамында жүргүнчү ташыган кичи автобус кечээ түштөн кийин Тажикстандын Чорку айылында тажик жарандары тарабынан ташбутага алынып, айнектери талкаланган. Бул тууралу бүгүн “Азаттыкка” автобустун айдоочусу Курбанбек Батыров билдирди. Анын айтымында, бул окуя боюнча жүргүнчүлөр менен айдоочунун арызын жергиликтүү тажик милициясы кабыл албай койгон. Айласы кеткенде алар бул тууралу Баткендеги тиешелүү тараптарга кайрылышкан. Баткендин Ак-Сай, Самаркандек, Ак-Татыр айыл өкмөттөрүнүн жана Лейлек району менен Сүлүктү шаарынын калкы облус борборуна келип-кетүү үчүн Тажикстандын Чорку, Сурх айылдарын аралап өтүүгө аргасыз.(JsA)

XS
SM
MD
LG