Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:30

Сатыкка коюлган энергетикалык 3 ишкананы эч ким алган жок


Бул туурасында Мамлекеттик мүлк комитетинин стат-катчысы Сүйөркул Бакиров “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, “Түндук электр” ачык акционердик коому, “Бишкек жылуулук тармагы” жана Жылуулук энергетикалык борборунун акцияларынын мамлекеттик пакетин сатуу боюнча инвестициялык конкурсу бүгүн оз ишин жыйынтыктады. Конкурстук комиссия бул боюнча “Эч ким алган жок” деген чечим чыгарды. Ал эми Орусия менен АКШдан да бул ишканаларды сатып алуу боюнча арыз түшкөндүгү тууралуу маалыматты Сүйөркул Бакиров четке кагып, алардан болгону адистер келип объекттерди анализдеп кеткендигин билдирди.(AzK)

XS
SM
MD
LG