Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:39

Европа орус газынан көз каранды болгусу келбейт


Азербайжан президенти Илхам Алиев Набукко кууру боюнча жыйында, Будапешт, 27-январь 2009
Азербайжан президенти Илхам Алиев Набукко кууру боюнча жыйында, Будапешт, 27-январь 2009

Будапештте бүгүн Набукко газ кууру боюнча жыйын өтүүдө. Долбоорго ылайык, газ Жакыңкы Чыгыш менен Каспий деңизинен Европага жеткирилип турмакчы. Бул куур Россия жана Украина өңдүү өлкөлөрдү кыйгап өтөт.

Украина менен Россиянын талашы энергиянын алтернативалуу булактарын издөө керектигин дагы бир жолу айгинеледи. "Азаттыктын" кабарчысы Брюс Панье Будапешттен маалымдагандай, бул тема дээрлик ар бир докладда чагылдырылды:

Өзгөчө Еврошаркеттин өкүлдөрү чыгып сүйлөгөндө мындай окуя дагы кайталнабоого тийиш деп айтып жатышты. Набукко өңдүү долбоорлордун керектиги белгиленди. Себеби Европа башка өлкөлөр ортосундагы талаш-тартыштардын курмандыгы болгусу келбейт. Өзгөчө андай чырдын Евробиримдикке тиешеси жок болгон кезде.

Набукко Европага жылына 31 миллиард куб метр газ ташып турат деп болжолдонууда. Бул - европалыктардын керектөөсүнүн 10 проценти гана түзөт.

Узундугу 3 миң 300 километрди түзгөн куур Түркиянын чыгыш тарабынан башат алып, Болгария, Румыния, Венгрия аркылуу Австрияга чейин жаткырылмакчы.

Башында газ Азербайжандан, Каспийдин чыгыш жээгинен жеткирилет деп күтүлүүдө. Киийн долбоорго Түркмөнстан менен Казакстан жана бир катар Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү кошулушу ыктымал.

Түтүк 2013-жылы бүткөрүлөт деп айтылып келгени менен, азырынча анын бир дагы бөлүгү курула элек. Долбоордун баасы 4,4 миллиард евро деп болжолдонгон, бирок жакында ал кайра каралып чыгып, дээрлик 2 эсеге көбөйтүлгөн.

Кабарчыбыздын айтымында, азырынча куурду финансылоо маселесине айкындык киргизиле элек:

- Набуккону колдоо жөнүндө көп сөздөр айтылууда. Арийне азырынча конкреттүү түрдө эч ким мына биз мынча акча беребиз же бере алабыз деп айта элек. Бардыгы долбоордун керектиги, маанилүүлүгү, европалыктардын муктаждыгы жөнүндөгү сөздөр менен чектелишүүдө.

Конференцияга газдын экспортерлору, кардарлар, транзит өлкөлөрдүн өкүлдөрү катышууда. Будапештке “Набукко мамлекеттеринин” же Австрия, Румыния, Германиянын экономика министрлери, Түркиянын энергетика министри Хилми Гүлер жана Болгариянын өкмөт башчысы Сергей Станишев чогулушту.

Азербайжан делегациясын мамлекет башчы Илхам Алиев өзү жетектеп келди. Экспортерлордун арасында ошондой эле Казакстан, Түркмөнстан, Ирак, Египеттин өкүлдөрү жана транзит өлкөлөрдөн Грузия катышууда.

Европа биримдигинен да жогорку даражалуу расмий адамдар, анын ичинде шаркеттин учурдагы төрагасы Чехиянын премьер-министри Мирек Тополанек, энергия боюнча комиссар Андрис Пиебалгс, Европа кайра куруу жана өнүгүү банкынын президенти Томас Мироу жана башкалар, ошондой эле АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Мэтью Брыза келишти.

Каспий боюндагы 3 өлкө - Казакстан, Азербайжан жана Түркмөнстандын конференцияга катышып жатышы алар да Набуккого кызыкдар болушу ыктымал деген ишара берет. Баку долбоорго кызыгуусун жашырбаса, Ашгабад жалпы сөздөр менен элек чектелип келди. Ал эми Астана Набукко жөнүндө чанда эле сөз кылат. 3өө тең газды Россия аркылуу ташый алышат. Анын үстүнө Түркмөнстан менен Казакстан андай узак мөөнөттү контракттарга кол коюшкан. Андыктан Набукконун курулушу алга жылмайын, алар Россия менен мамилелерин бузууга барбашы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG