Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:08

Кошмо Штаттар Иран менен сүйлөшүүгө даяр


Президент Барак Обаманын билдиргенине караганда, АКШнын жаңы администрациясы Иран менен сүйлөшүү канткенде ишке ашарынын жол-жобосун жакында атайт. Барак Обама бул тууралуу араб тилиндеги "аль-Аравия" телеканалына кызматка киришкенден кийин берген алгачкы интервьюсунда айтты.

-Менимче биз үчүн Иран менен сүйлөшүүгө даярдыгыбызды билдирүү, биздин карама-каршылыктар эмнеде, кайсыл жерде алга жылуу үчүн мүмкүнчүлүктөр бардыгын ачык айтуу маанилүү. Алдыдагы айларда биз жалпы жол-жобобузду жана турумубузду айтабыз. Мен инагурациялык сөзүмдө белгилегендей, Иран сыяктуу өлкөлөр муштумун жазгысы келсе, биздин кол сунганыбызды көрүшөт.

Мунун алдында Кошмо Штаттардын БУУдагы жаңы элчиси Сьюзан Райс Вашингтон Иран менен түз сүйлөшүүнү караштырары мүмкүн экендигин билдирип, бирок Иран адегенде БУУнун Коопсуздук кеңешинин талабын орундатып, уран байытуу программасын токтотуусу талап кылынарын айткан.
XS
SM
MD
LG