Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:28

Ошто Израилди айыптаган жөө жүрүш болду


Палестинадагы согушта бейкүнөө элдин каны төгүлдү.
Палестинадагы согушта бейкүнөө элдин каны төгүлдү.

Ошто Мусулмандар Биримдиги уюштурган үч күндүк акциянын катышуучулары Израилди айыптап, Палестин элине тилектештик билдиришти.

Чет өлкөлүк массалык маалымат каражаттары белгилегендей, Газа тилкесиндеги ХАМАСтын согушкерлерине каршы үч жумага созулган операция аяктады. Жөөт армиясынын акыркы аскери согуш талаасын таштап, өлкөсүнө кайтты. Бирок үч апта бою тынымсыз атышуулардан, абадан урулган соккудан улам бир да адам, бир да имарат соо калган жоктой. Катуу чабуулдардан азырынча 1300дөй палестиналык каза тапкандыгы айтылууда.

Ош шаарындагы жөө жүрүштүн катышуучулары бейкүнөө набыт болгон палестиналыктардын үй-бүлөлөрүнө көңүл айткан Кайрылууга кол коюп, тилектештигин билдиришти. Акцияны Кыргызстан мусулмандар биримдиги уюштурду.

-Биринчи террористер ушул Израилдин эли, Израилдин мамлекети. Террористик кылгандар ушулар, анан кийин мусулмандарга оодара салгандар да ушулар. Булардын ар бир аракетинен байкалып турат. Дүйнөлүк коомчулук эми баардыгы Израилге окшогон кара ниет мамлеттердин согуштук аракеттерине тыюу салыш керек, -деди Мусулмандар биримдигинин Ош облустук өкүлү Юруслан Истанов.

Үч аптага созулган согушта кыйраган Палестинанын башына мүшкүл түшүп турганда кыргыз бийлиги боордоштук колун сунбагандыгына Ош шаарынын тургуну Айтмамат Кулмаматов өзүнчө кыжаалат.

-Биздин мамлекетте калктын көпчүлүгү мусулман адамдар түзгөндөн кийин, биздин бийлик Палестин өлкөсүнө көңүл айтып коюуга жараган жок да. Мындайча айтканда кайдыгерлик деп койсок болот да. Палестин өлкөсү биздин боордошубуз катары Кыргыстан бийлиги аларга көңүл айтып, кайрылуу жолдош керек , гуманитардык жардамдарды жөнөтүш керек.

Ошол эле учурда эмгек ардагери Рысбай Дөдүев ХАМАС согушкерлерине каршы Израилдин аракеттерин кубаттай тургандыгын ачыктады:

-Бей-бечера балдар, башкалар бекеринен эле өлүп кетти. Бирок ошону кийин туура түшүнүп азыр согуш токтоду. Израил мындан аары тынчтык жолу мнен Палестинина менен экөөнүн ортосунда согуш болбойт, жакшы муназага келет деген ойдомун. Израил менин оюмча ушул ХАМС деген террористерге каршы чыккан болуш керек. Палестин элине каршы чыккан жок ХАМАСка окшогон ошондой уюмдарга дүнүйө жүзүндө эч кандай орун жок , эч кечиктирбестен жок кылыш керек.

«Акыйкат сот-чындык» укук коргоо борборунун башчысы Равшан Гапировдун баамында, Бириккен Улуттар уюмунун таасир этүүсүнүн чабалдыгынан Газа тилкесиндеги араздашуу дүйнөлүк баш ооруга айланып олтурат. Бириккен Улуттар уюмунун алсыздыгы же кудуреттүүлүгү анын лидерине байланыштуу. Ошондуктан, баш катчы Пан Ги Мундун тушунда дүйнөлүк бул мекеме чоң реформага муктаж болуп турат.

XS
SM
MD
LG