“Ак жол” фракциясынын бүгүнкү отурумунда Кыргызстандын 2009-2011-жылдардагы стратегиялык өнүгүүсүнүн долбоору боюнча экономика жана өнүгүү министри Акылбек Жапаров билдирүү жасап, анда артыкчылыктуу багыттар катары коомду чыңдоону, өлкөдөгү алгылыктуу өзгөрүүлөрдү сактап калууну, жеке ресурстарды пайдаланууну, интеллектуалдык, башкаруучулук, нравалык мүмкүнчүлүктөрдү туташ пайдаланууну белгиледи. Жапаровдун билдиргенине караганда өкмөт парламентке сунуш кылган бул жаңы долбоор 2007-1010-жылкы мурдагы стратегиянын жаңыртылган нускасы болуп саналат. (BuS)