Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:39

“Акыйкат үчүн”: Жекшенкуловго тышка чыгууга тыюу салынды


“Акыйкат үчүн” кыймылы жана Коомдук парламент тараткан билдирүүгө караганда кыймылдын координатору, мурдагы Тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкуловго каршы 22-январда козголгон кылмыш иштин негизинде Башкы прокуратура саясатчыдан Кыргызстандын чегинен чыкпоо тууралуу тил кат алды. Муну кыймыл бийликтин Жекшенкуловду эл менен жолугуштурбоо, Москвага жибербөө, Орусиянын олуттуу саясий чөйрөсүнө аралаштырбоо максаты менен байланыштырган.

Карнеги фондунун Москва борборунун чакыруусу боюнча оппозициялык лидерлер 30-январда Орусияга барышмак. Чакырылгандардын катарында Өмүрбек Текебаев (саясатчыга Кара-Буура райондук ички иштер кызматы 20-январда кылмыш ишин ачкан), Аликбек Жекшенкулов, Болот Шерниязов, Дүйшөн Чотонов жана Амангелди Муралиев бар.
Кыймыл өз билдирүүсүндө оппозициялык саясатчыларга, анын ичинде Жекшенкуловго каршы көрүлүп жаткан чараларды саясий куугунтук деп эсептеп, Башкы прокуратура тагып жаткан айыпта укуктук эч кандай негиз жок экендигин белгилеген.
“Биз – “Акыйкат үчүн” кыймылынын жана Коомдук парламенттин миндеген мүчөлөрү оппозициядагы А.Жекшенкуловдун өзүнүн, үй-бүлөсүнүн, бийлик саясатына макул болбогон коомдук саясий ишмерлердин өмүрүнүн коопсуздугуна бүгүнкү бийлик башында турган Президент К.Бакиев, Ж.Бакиев, Максим Бакиев ж.б. персоналдуу түрдө керт башы менен жооп берет деп билдиребиз жана чектен чыккан мындай абийирсиз иштерди токтоттурууну Президенттен талап кылабыз…” деп жазылган. Кошумчалап койчу жагы: Башкы прокуратура Жекшенкулов министр кезинде Тышкы иштер министрлигинин имаратын оңдоо учурунда Кытайдан алынып келинген жаңы техникалык гранттарды туура эмес пайдаланды деп иш козгогон. (BuS)

XS
SM
MD
LG