Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитеттин төрагасы Орозмат Абдыкалыков иликтөөлөргө таянып билдирди. Анын айтымында Кыргызстандын калкын жана алардын турак жайларын каттоо 24-мартта башталып 2-апрелде соңуна чыгат. Бул иш чарага мамлекеттен 127 миллион сом бөлүнгөн. Мындан тышкары каттоого БУУнун калкты жайгаштыруу кору колдоо көрсөтүүдө. Эл каттоо иштерин 15 миң адам жүргүзмөкчү.
Кошумчалап койчу маалымат: Мындан мурдагы эл каттоо Кыргызстанда 1999-жылы болуп, анда каттоодон 4 млн. 824 миң адам өткөн. (BuS)
Кошумчалап койчу маалымат: Мындан мурдагы эл каттоо Кыргызстанда 1999-жылы болуп, анда каттоодон 4 млн. 824 миң адам өткөн. (BuS)