Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:12

Өмүрбек Бабанов: “...Элге пайдам тийбесе, эрдигимден не пайда?”


Биринчи вице-премьер-министр кызматына киришип жаткан Ө. Бабанов 28-январда Талас облустук бийлигинин жыл жыйынтыгын чыгарган жыйынына катышты. Жыйын соңунда Өмүрбек Бабанов "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.

- Сиз бир жыл мурун саясаттан шайлоодон кийин кетем деп айттыңыз эле. Мамлекеттик кызматка кайрылганыңызга эмне себеп болду?

-Туура, мен бир жыл мурда айткам. Мен социал-демократиялык партиянын катарында колуман келген иш-аракетимди жумшадым, бүгүнкү күндө ал жерде он бир депутат отурат. Мен өз ыктыярым менен мандатымды тапшырып туруп, өзүмдун бизнес проектилериме кеттим. Ал жакта да чоң жетишкендиктер болду. "Кыргызстан" банкынын тапкан пайдасы былтыркыга караганда 40 пайызга көбөйдү, 105 миллион сом түштү. Дүйнөлүк кризис болуп атканда биздин экономикада да жылыштар арбын болбой атканда кыргыз элинин кыйналып турганын карап туруп, президент сунуш кылгандан кийин мен чечим кабыл алдым. Мен ойлойм, өзүмдүн элимдин баласы болгондон кийин, кыргыз элинин жараны болгондон кийин, колуман келсе, 38 жашка чыгып туруп ушундай чоң деңгээлдеги бизнесмендерден мындай чоң ийгиликтерге жетсем, эмне үчүн мен өзүмдүн акылымды жана күчүмдү, күчкө толуп турган кезимде эл үчүн жумшабашым керек. Ошон үчүн мен чечим кабыл алдым.

- Акыркы кадрдык өзгөрүүлөрдө жаңы кадр катары сизди гана баалап атышат. Сиз кандай иштерди аткарайын деп атасыз?

-Менин баардык күч-аракетимди Кыргызстандын экономикасына жумшайм. Себеп дегенде мен бизнес тармагында иштегенден кийин мен билем ишкерлердин кандай чоң-чоң маселери бар. Ишкер адам өз башынан өткөндө гана жакшы сезет да.

- Ушул иштер аткарылат деп ишенесизби? Себеби сизден башка адамдар өзгөргөн жок, ошол иш ошол эскиче бойдо калбайт деп канча деңгээлде кепилдик берсе болот?

-Мен жалгыз эмесмин, мен дагы аныктап койгум келет, Данияр Токтогулович дагы келди. Ал адамды билесиздер, бизнес шартын жакшы түшүнөт. Президенттин администрациясынын структурасы да өзгөрүлүп атат, Малеваная Оксана да келди. Мынакей Марат Абдыразакович Султанов финансы министри болуп келди. Мен ойлойм, баардыгыбыз биригип иштейбиз. Бирок бир күндө баардыгы өзгөрүп кетпейт. Кайдыгерлик мамиле кылып туруп алыстан карап тура берүү менин ички дүйнөм менен келишпейт. Ошон үчүн мен сөзсүз баардык күчүмдү жумшайм.

- Эмнеден баштайсыз?

- Мен Кыргызстандын бюджетин анализдеп чыгам. Биринчи ишим ушул болот.

XS
SM
MD
LG