Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:41

Орус православ чиркөөсүнө жаңы патриарх келди


Орус православ чиркөөсүнүн жаңы башчысы Кирилл, Москва, 27-январь, 2009
Орус православ чиркөөсүнүн жаңы башчысы Кирилл, Москва, 27-январь, 2009

Орус православ чиркөөсүнүн башчылыгына митрополит Кириллдин шайланышы ар кандай бааланып жатат. Дин боюнча аналитиктердин бир даары анын келиши менен чиркөөдө бөлүнүп-жарылуу күчөйт дешсе, башкалары аны таасирдүү, улуу адам катары сүрөттөшөт. Кириллди кечээки жашыруун добуш берүүдө шайлоого катышкан динаятчылардын басымдуу бөлүгү колдогон.

Акырасыл Ыйсанын соборундагы добуш берүү СССР ыдырагандан кийинки алгачкы шайлоо болду.

- Патриархтын милдетин аткаруучу, Смоленск жана Калининград митрополити Кириллге 508 добуш, Калуга жана Боровск митрополити Климентке 169 добуш берилди, - деп жарыялады шайлоонун жыйынтыгын митрополит Исидор.

Москва жана бүткүл Россиянын патриархы Алексий Экинчи былтыр декабрда көз жумгандан кийин анын ордун ээлөөгө адегенде 3 киши талаптанган. Бирок митрополит Филарет Кириллдин пайдасына жарыштан чыккан.

Жекшемби, 1-февралда Москва жана бүткүл Россиянын 16-патриархы тактыга отургузулмакчы. Митрополит буга чейин 20 жылдай патриархаттын тышкы байланыштар бөлүмүн жетектеп келген.

Православ чиркөөсү азыр Россияда өтө популярдуу, Кремль менен жакшы мамиледе экенин белгилей кетели. Орус мамлекет башчысы Дмитрий Медведев Кириллди алгачкылардан болуп куттуктады.

Орус православ чиркөөсү боюнча адис, италиялык динаятчы Романо Скалфи жаңы патриарх Кремлден көз карандысыз болуу багытында радкалдуу кадамдарга барбайт деген ойдо:

- Кремлге кошоматчылык кылуу салтка айланып калгандыктан аны тез эле арада бузуу кыйын. Менимче, мамлекетчил, путинчил багыттан ал качып кутула албайт.

Кирилл Ватикан менен байланыштарды жакшыртууну көздөгөн адам катары каралып келет. 2007-жылдын декабрында ал Рим католик чиркөөсүнүн башчысы, Рим папасы Бенедикт 16чы менен Ватиканда жолугушкан. Баса, Ватикан жаңы патриархтын шайланышын “кубануу” менен кабыл алганын айтып, православдар менен католиктер ортосундагы диалог уланат деген үмүтүн билдирди.

Ал эми Россиянын өзүндө Кириллден эмнени күтүшөт жана анын шайланышын кандай баалашат?

Тарых илимдеринин доктору Сергей Бычков орус православ чиркөөсүндө олуттуу өзгөрүүлөр болот деп болжолдойт. Ал жаңы патриархты бардыгын өзгөртүүгө, кайра курууга умтулган реформатор катар сыпаттайт. Мындай ишмердүүлүк чиркөөнүн бөлүнүп-жарылуусуна алып келиши ыктымал. Себеби көпчүлүк епископтор андай реформаторлукту жактыра беришпейт, - дейт Бычков.

Кредо.ру вебсайтынын редактору Александр Солдатов болсо шайлоо кампаниясы маалында Кирилл тарабынан ыплас ыкмалар колдонгонун айтат:

- Ар кандай блог, Интернет форумдарда митрополит Кириллдин жактоочулары анын оппоненттери жана башка талапкерлер жөнүндө компромат жарыялап келишти.

Ал эми эл аралык Евразия кыймылынын лидери Александр Дугин жаңы патриархты активдүү, күчтүү, элине, чиркөөгө берилген адам, азыркы орус православиесинин идеологу катары сыпаттайт.

Жаңы патриарх чиркөөнүн кайра жаралуусуна багыт алабы, же чиркөө Кремлдин саясий амбицияларынан көз каранды бойдон кала береби? Кириллге ушул маселени чечүүгө туура келчүдөй.

XS
SM
MD
LG