Германиядагы ARD телеканалы кабарлаганына караганда, ушу тапта бийликтер аталган топ Ислам Жихад тобунун интернеттеги сайтына илген видеону изилдеп жатышат. Бул тасмада алар Ооганстанда жүргөн 3 миң 300 немис аскерине «күтүлбөгөн белек» даярдап жатышканын айтып, Газаны 22 күн бою аткылаган Израилди токтотууга алы жетпеген канцлер Ангела Меркелди сындаган.