Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:19

Өкмөт “Дастандын” 48% акциясын Орусияга берсе туура болмок


Мындай пикирин "Азаттыкка" экономика илимдеринин доктору, профессор Жумакадыр Акенеев билдирди. Анын айтымында, мамлекетке тиешелүү болгон “Дастандын” 48 пайыз акциясы экономикага эч кандай пайда алып келген жери жок. Ал бул ишкананы Орусиясыз иштете албайбыз деген ойдо. “Керектүү жабдуулардын бардыгы Орусиядан алынып келинет. Эгер өкмөт ушундай кадамга барса абдан туура чечим болот деп ойлойм. Биринчиден, тышкы карыз азаят. Экинчиден, келечекте “Дастан” иштеп, мурдагыдай өзүнүн продукциясын чыгарып калса өлкөнүн экономикасына пайда алып келет. Андан сырткары миңдеген жумуш орундары түзүлөт эле”, - дейт Ж.Акенеев. Маалыматтарга караганда, учурунда бул ишканада 15-20 миң адам иштечү.

Бүгүн президент Курманбек Бакиев менен Орусия өкмөт башчысынын орун басары Игорь Сечин жана энергетика министри Сергей Шматконун Бишкектеги жолугушуусунда Орусия "Дастан" ишканасынын 48 пайыз акциясынын ордуна Кыргызстандын 180 млн. доллар карызын кечүүгө даяр экени тууралу сөз болгон.(КЕ)

XS
SM
MD
LG