Акыйкатчы Турсунбек Акун башында турган атайын комиссия №8 түзөтүү колониясында Исмаил Кочкаровдун 17-январда өлтүрүлүш себептерин, шартын иликтеп бүттү. Иликтөөнүн жыйынтыгын комиссия бүгүн атайын маалымат жыйынында жарыялайт. Бул тууралуу Акыйкатчынын орун басары Мамат Момунов билдирди. 9 жылга эркинен ажыратылган Кочкаров абакка барар замат өлтүрүлгөн.Кыргызстандагы карачайлар бирикмесинин башчысы Исмаил Кочкаровдун маркум Рысбек Акматбаев менен жакындыгы коомчулукка маалым эле.