Саясий кеңештин мүчөсүнүн, мурдагы депутаттын партия катарынан чыгышына бийликтин кысымы түрткү болду деп маалымдады партиянын маалымат кызматы. Билдирүүдө ушундай эле кысымдар 2007-жылкы парламенттин алдындагы жана 2008-жылкы жергиликтүү кеңештердин алдында да болгондугу, мындай кысымдар саясий уюмдун катарынын толукталышына тоскоол болбой тургандыгы белгиленген. Буга чейин Юстиция министрлиги мүчөлөрдүн тизмесин талап кылып, “Ак шумкар” партиясын каттоодон өткөрбөй жатканы маалымдалган. Партия буга байланыштуу министрликти партияларга өң карама мамиле жасап, мыйзамды бузуп жатат деп сындаган. Партияны азыр БЭКтин мүчөсү Темир Сариев жетектейт. (BuS)