Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:08

Президент беш судьяны мөөнөтүнөн мурда иштен кетирди


Буга байланышкан жардыкты президент Курманбек Бакиев бүгүн чыгарды. Жардык чыгарууга Судьялар кеңеши менен Сот адилеттиги боюнча Улуттук кеңештин чечимдери негиз берди. Аталган кеңештер Бишкек райондор аралык сотунун судьясы Рахматылла Ирисовдун жана Токмок шаардык сотунун сульясы Өмүралиева Гүлчахранын жүрүм-турумдары кынтыксыз эмес деп тапкан. Мындан тышкары Сот адилеттиги боюнча Улуттук кеңеш Жумгал райондук сотунун төрагасы жана жергиликтүү судья кызматынан Аскалиев Айтбайды, жергиликтүү судьялыктан Койгелдиев Жумалыны, Тоң райондук сотунун судьясынан Мамбеталиев Өмүрбекти бошотуп, кылмыш ишин козгоого макулдук берүү чечимин чыгарган. (BuS)

XS
SM
MD
LG