«Туркестанская правда» гезитинин 1924-жылдын 30-январдагы санында Түркстан Республикасынын Элдик комиссарлар Советинин токтому жарыяланган. Токтомдо кара кыргыздардын «Манас Баатыр туурасындагы уламыштарын» жарыялоо керектиги белгиленет. «Туркестанская правда» гезити "Манас Баатыр биз үчүн али белгисиз каарман, анткен менен кыргыздар Манас мындан 900 жыл чамалуу илгери жашаган деп эсептешет",-деп жазган.
Кыргызстан элдеринин кезектеги IV курултайы 2004-жылдын бул күнү Бишкек шаарында өткөрүлгөн. Курултай «2004-жыл – мобилизациялоо жана акыйкат башкаруу жылы» деген ураанга шайкеш иштеп, анда ассамблея кеңешинин төрагасынын отчету угулуп, «Кыргыз республикасынын этностук өнүгүүсү жөнүндө» концепция кабыл алынган. Ассамблея кеңешинин жетекчилиги кайра шайланып, кеңештин 65 мүчөдөн турган курамы бекитилген. Кыргызстандагы улуттардын өнүгүшүнө кошкон салымдары үчүн төрт улуттун өкүлү «Данакер» ордени менен, 5 улуттун өкүлү «Даңк» медалы менен сыйланып, 12 улуттун өкүлү Ардак Грамоталарына татыктуу болушкан.
Бишкек шаарында өткөн Борбор Азия мамлекеттеринин адам укуктарынын абалына арналган 2 күндүк эларалык конференция 2004-жылдын 30-январында ишин баштаган. Ага Борбор Азия мамлекеттеринин жана Россия укук коргоочулары, эларалык укук коргоо уюмдарынын өкүлдөрү катышкан. Алгачкы күнкү талкууда укук коргоочулар Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Орусияда авторитардык режим күч алып жатканын белгилешип, «Европа Коопсуздук жана Кызматташтык уюму бул проблеманын мизин кайтаруу үчүн кандай аракет көрө алат» деген маселени көтөрүшкөн.
Кыргыз коомчулугу жана маданияты 1989-жылдын 30-январында оор жоготууга учураган. Бул күнү алп акын Турар Кожомбердиевдин жүрөгү согуудан калган. Акын жараткан «Көлчүктөгү ай», «Кызыл алма», «Таңкы симфония» ырлар жыйнагы кыргыз адабиятынын алтын казынасына алынган.
Бүгүн Индияда эгемендик үчүн күрөштү эскерүүнүн күнү катары белгиленет. Эгемендик үчүн күрөштү эскерүү күнү Индиядагы улуттук-боштондук кыймылдын көрүнүктүү жетекчиси Махатма Гандинин өлтүрүлүш күнүнө ыроолонуп өткөрүлөт. Индустар аны улуттун Атасы жана Махатма - Улуу Рух деп аташкан. Индия мамлекти 1947-жылдын 15-августунда эгемендик алгандан кийин, өлкөдө индустар менен мусулмандар ортосунда от тутанган. Диний араздашуу эки тараптан тең канды суудай агызган адамдардын өлүмүнө кириптер кылган. Бейкүнөө адамдардын өмүрүн сактап, өлкөдөгү араздашууну токтотуу максатында Махатма Ганди 1948-жылдын 12-январында саясий ачкачылык жарыялаган. Махатма Гандинин мындай аракети анын каршылаштарын чечкиндүү чара көрүүгө түрткөн. Ошентип, жалданма террорист 1948-жылдын 30-январында Махатма Гандинин жанын алган.
Азыр атагы алыска тараган италиялык ырдын биринчи фестивалы 1952-жылдын бул күнү Сан-Ремо шаарында зор салтанат менен ачылган.
Америка Кошмо Штаттарынын тарыхында биринчи жана акыркы жолу төрт мөөнөткө президерттикке шайланган Франклин Делано Рузвельт 1882-жылдын 30-январында жарык дүйнөгө келген. Ал 1921-жылы полиомелит дартынын айынан шал болуп, 1928-жылы Нью-Йорктун губернатордугуна, 1932-жылы Кошмо штаттардын 32-президенти болуп шайланган. Франклин Делано Рузвельт ден соолугунун чабалдыгына карабастан 1944-жылы өткөн президенттик шайлоого катышып, мамлекет башчысынын ордун төртүнчү ирет жеңип чыгууга жетишкен.