Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:42

Ооганстанда президенттик шайлоо ушул жылдын 20-августунда өтмөй болду


Бул тууралуу өлкөнүн шайлоо комиссиясы жарыялады. Ооганстандын Конституциясына ылайык, өнөктүк майда өткөрүлүүгө тийиш эле. Бирок шайлоо комиссиясынын төрагасы Азизулла Лодендин ырастоосунда, техникалык, логистикалык жана коопсуздук маселелеринен улам добуш берүүнү ал мөөнөттө өткөрүү мүмкүн эмес. "Өлкө мыйзамы комиссияга шайлоонун күнүн өзгөртүүгө укук берет", - деп билдирди төрага. Президент Хамид Карзай ат салышка катышат деп күтүлүүдө. Козголоңдун күчөшү жана өкмөттөгү коррупция Карзайдын популярдуулугунун төмөндөшүнө алып келди. Ал олуттуу атаандаштарга туш болушу ыктымал.
НАТО шайлоо датасынын жарыяланганын кубаттады. Альянстын басма сөз катчысы Жэймс Аппатурайдын айтымында, добуш берүү күнүндө коопсуздукту камсыздай турган аскерлерди жайгаштыруу үчүн жетиштүү убакыт бар. Учурда НАТОнун 55 миңдей жоокери Ооганстанда талиптер баштаган козголоңго каршы күрөшүүдө.

XS
SM
MD
LG