Давосто өтүп жаткан Дүйнөлүк экономикалык форумдун жыйынында Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган Израилдин президенти Шимон Перестин сөздөрүнө каршылыгын билдирип жыйын өтүп жаткан залдан чыгып кетти. Жыйында Палестинадагы кыргын талкууланып жаткан. Эрдоган ага Газа боюнча пикирин түшүндүрүүгө Израилдин президентине караганда азыраак убакыт берилгенине нааразы болду. Түркия Израилди Газа тилкесиндеги чабуулдарын баштаган алгачкы күндөрүнөн бери сынга алып келет.