Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:35

Патенттик негизде ишкерлик кылгандарын абалы оор


Жогорку Кеңештин Социал-Демократтар фракциясынын жетекчиси Бакыт Бешимов экономикалык каатчылык жана өлкөнүн каржы-бюджеттик саясаты тууралуу бүгүн билдирүү жасады. Анда мамлекет чакан жана орто бизнести жөнгө салуу милдеттерин рынок шартына төп келген жол-жоболор аркылуу ишке ашырышы керектиги айтылган. Салык саясаты баардык кызыккан тарап менен бирдикте жүргүзүлүшү зарылдыгы белгиленген. Патент акы бир нече эселеп өсүп, анын негизинде салык төлөгөн ишкерлер кыйынчылыкка кептелди, деп айтылат билдирүүдө. Б. Бешимовдун билдирүүсүнө ылайык, Жаңы Салык кодекси “Кыргызстандагы эркин экономикалык зоналар тууралуу” мыйзамга каршы келет. Кодексте өлкөнүн эркин экономикалык зоналарында иштеген инвесторлорго артыкчылык берилген беренелер алынып салынган. (EBM)

XS
SM
MD
LG