Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:52

Мурат Жакыпов: Каринаны жабылып колдоого алуу керек


Карина Ураимова
Карина Ураимова

Бир нече күн мурун шаардык муз сарайында көркөм муз тебүү боюнча спорт чебердигине талапкер Карина Ураимованын өнөрүн спорт адистери сындан өткөрүп, мындан ары ал эл аралык мелдештерде Кыргызстандын намысын коргойт деген бүтүмгө келишти. Мына ошол адистердин бири Кыргызстандын Хоккей федерациясынын президенти Мурат Жакыпов “Азаттык” менен маек курду.

-Биринчиден мурда Кыргызстанда өнүкпөгөн спорттун түрлөрүнө азыр көңүл бура баштаганы кубандырат, Карина Ураимованын техникалык даярдыгы, көркөм муз тебүү чеберчилигине кандай баа бердиңиздер?

-Чынын айта келгенде Карина Ураимова азыркы мезгилде Новосибирскиде муз майданындагы даярдыктарын көрүп, буга чейин дагы бир топ мелдештерде катышып, өзүнүн чеберчилигин көрсөтүп келген. Деңгээли жогорулап калгандыктан, анын атасы Карим Кыргызстандын намысын коргосо экен деп тилек кылууда. Мындан эки жыл мурда Бишкекте, жалпы эле Кыргызстанда бир дагы муз майданы жок болгондуктан мындай үмүттөр жок эле. Эми мына кудай буюрса муз майданы пайда болгондон бери ушул көркөм муз тебүү боюнча өнөрүбүз, спорт чебери кайрылып келди десек болот. Ал эми жалпысынан алганда деңгээли жетиштүү, бирок дагы жакшы даярдыктар керек.

-Кыргыз спортчулары өткөн жылы олимпиадалык оюндарды багындырып келечекке бир топ үмүт отун жандырып койду окшойт. Бирок бизде спортчуларды машыктырып саяпкер кылууга тажрыйбалуу адистер жок. Мисалы, ушул эле муз боюнча көркөм өнөрдө Каринанын мурдагы машыктыруучусу Жулиндей адистер жок да. Такыр эле жок десек да жаңылышпайбыз. Ал эми сырттан аларды жалдап иштетүү өтө көп каражатты талап кылат, бул маселе кандай чечилет?

-Эми чынын айта кетсек, мындай. Александр Жулинге окшогон спорт чеберлери жок десек болот. Бирок ошого карабастан жумушту алып кете берсек болот. Бизде балетмейстер хореограф Доктурбек Бийчеев деген бар. Ушул адамдар аркылуу дагы биз акырындап иш алып бара берсек болот. Ал эми муздун үстүндө оюндун негизги чеберлери керек боло турган болсо, бул жөнүндө азыр эми мамлекеттик спорт комитети менен сүйлөшүүлөр жүрүп атат. Биз буга чейинки Москвага барып келген жүрүшүбүздө бул тууралуу да сүйлөшүп келгенбиз, эми бул кудай буюрса акырындап чечиле турган эле маселе. Мындан эч коркпошубуз керек.

-Демек Карина Ураимова көркөм муз тебүү боюнча Кыргызстандагы алгачкы байчечекейлерден болуп калышы ыктымал да. Мындан ары дагы бул муун токтобойт деген үмүт бар.

-Буга чейин ишти баштабаш керек эле, баштагандан кийин эми таштабаш керек.

-Мурат мырза сизге кошулам, сизге чоң рахмат биздин угармандар үчүн маек куруп бергениңизге.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG