Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:32

Президент ар кандай саясий күчтөрдүн өкүлдөрү менен кызматташууга даяр


Мындай пикирин өлкө башчысы Курманбек Бакиев бүгүн жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилеринин республикалык кеңешмесинде билдирди. Ал ошондой эле ар бир айылдын өзүнүн өнүгүү стратегиясы бар экендигин белгилеп, аны ишке ашырууга негизги эки багытта иш алып баруу зарылчылыгын айтты. Биринчиси-жаңы кадрларды алып келүү, экинчиси-милдеттерди аткарууга жаңыча мамиле кылуу. Мамлекет башчысы жергиликтүү бийлик органдарынын иши тиешелүү айылдын, райондун, областтын элинин канчалык деңгээлде жашоо-турмушу жакшырганына, чет мамлекетке, баш калаага кетип жаткандардын санынын азайышына, жаңы жумушчу орундардын түзүлүшүнө, элдин көйгөйлөрүнүн өз убагында чечилип турганына же жогору жактагыларга шылтоо менен чечилбей келаткандыгына жараша баалана тургандыгын белгиледи. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан маалымдашты. Жыйында улуттук банктын төрага орун басары Сүйөркул Абдыбалы тегин дүйнөлүк экономикалык кризистин таасирлерине Кыргызстан кандайча туруштук берери жөнүндө маалымат берип жатканда, жыйындын катышуучулары кол чаап сөзүн бөлдү. Бакиев отургандарды жемелеп, бул жыйын колхоздун жыйналышы эместигин айтып, жергиликтүү жетекчилердин ар бири тапшырма алып, өлкөдөгү кырдаалды адистин өзүнөн угууга чакырганын баса белгилеп өттү. (AJ)

XS
SM
MD
LG