Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:04

Аптанын маданий окуялары


30-январда Кыргызстанда акын Турар Кожомбердиевди эскерүүгө арналган иш-чаралар өттү.

Турар Кожомбердиев тирүү болгондо быйыл 68 жашка толмок. Маркум акындын биринчи ыр жыйнагы 20 жаш курагында, 1961-жылы жарыкка чыккан. Анын чыгармалары англис, азербайжан, беларус, казак, орус, татар, украин, өзбек, француз, хакас тилдерине да которулган. Ошондой эле 70тен ашык чыгармасына обон жазылган.

Нью-Йорктун Винкльман галереясында "Жаңы Жибек жолу" аттуу көргөзмө аягына чыкты. Көргөзмөгө кыргыз сүрөтчүлөрү Гүлнара Касымалиева жана Муратбек Жумалиевдин эмгектери коюлган. Иш чара 2007-жылы Чикаго көркөм өнөр институту тарабынан сунуш кылынган. Кыргыз таланттууларынын "Биз баары бир жашап кетебиз! Муну искусство аркылуу жасайбыз" деген ураан менен өткөн көргөзмө америкалыктардын зор кызыгуусун жараткан.

Бродвейде кризиске байланыштуу репертуардагы спектаклдер кыскарууда. Маалыматтарга караганда, жыл ичинде 37 спектакль репертуардан алынып, актерлордун саны кыскарып, сахна жасалгалары сатыла баштаган. Ал эми театр күйөрмандары жактырган чыгармаларын жана актерлорун сахнадан акыркы ирет көрүп калууга шашылышууда.

Бейшембиде Нью-Йоркто “Эски чеберлер жана Европа көркөм өнөрүнүн эмгектери” аттуу сатык көргөзмө уюштурулду. Анда британ сүрөтчүсү Уильям Тернердин “Юпитердин храмы” аттуу эмгеги 13млн. долларга сатылган. Маалыматтарга караганда, жалпы сатылган чыгармалардын суммасы 61 млн. 650 долларды түзгөн.

Парижде бул жумада үч күнгө созулган “Мода жумалыгы” өттү. Анда келген көрүүчүлөр дүйнөлүк моданын корифейлери аталган Карл Лагерфельд жана Джорджо Арманинин эмгектерине күбө болушкан. Жумалыкка ошондой эле Голливуддан өкүлдөр келишкен .

Орустардын Надежда Надеждина атындагы “Березка” академиялык хорегорафиялык ансамбли кытайлык көрүүчүлөргө өнөрлөрүн тартуулашты. Тактап айтканда ансамблдин 60 жылдык мааракесине карата даярдалган, түрдүү бийлерден турган программасын көрсөтүшкөн. Ансамблдин башкы балетмейстри билдиргендей, алар буга чейин да Кытай жергесине бир нече ирет гастролдошкон. Эмки чыгармачылык сапар кытайлардын “Жаз майрамына” карата болмокчу.

XS
SM
MD
LG