«Жарандар коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун түштүктөгү бөлүмү уюштурган кечээки форумдун катышуучулары Ош шаарында жана облусунда түпкү эмес улуттардын, айрыкча өзбектердин укуктары көбүрөөк тебеленип жаткандыгын мисал тартышты. Бөлүмдүн жетекчиси Алийма Шарипова болсо, «өлкө калкынын улуттук курамы туурасында статистикалык маалыматты билүү кыйын болгондуктан, дагы канчалаган майда этностордун көйгөйлөрү белгисиз бойдон калууда» деп коңгуроо какты. Ошондуктан, иш-чара соңунда кабыл алынган резолюцияда улуттук азчылык туурасында мыйзамды чукул арада кабыл алуу зарылчыгы бышып жетилгендиги белгиленди. Жергиликтүү талдоочулардын баамында, Ош жергесин байырлаган майда улуттарда олуттуу деле көйгөй жок, тескерисинче, түпкү улут аталган кыргыздардын укугу көбүрөөк басмырланууда. (ATo)