Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:15

Кыргызстан патриоттук кыймылы: 2005-жылы 24-мартта Элдик ыңкылап болгон эмес


Март окуясы атайын кыйналган элди алдоо үчүн бир ууч Акаевдик агенттер менен саясий маргиналдардын уюштурган саясий революциялык фарсы. Мындай чечим Кыргызстан патриоттук кыймылы менен коррупциялык системага каршы күрөшүү кыймылынын биргелешип өткөргөн кеңешмесинде кабыл алынды. Жыйында ошондой эле өлкөдөгү кризистин деңгээли бардык тарабынан эч кандай коомдук түзүлүш көтөрө алгыс деңгээлге жеткендиги айтылып, буга негизги себеп –коррупциялык-кландык-тоталитардык диктатуранын орногондугу деп табылды. Жыйындын катышуучулары мындай системанын кесепеттеринен түп-тамыры менен арылып, анын ордуна чыныгы элдик бийликти орнотуу зарыл, деп табышты. Кеңешменин катышуучулары президент Бакиевге каршы импичменттик кол чогултуу чарасын апрель айына чейин аяктоону максат кылышууда. Буга чейин Кыргызстан патриоттук кыймылы тарабынан президент Бакиевдин мөөнөтүнөн мурда кызматынан кетүүсүн талап кылган 170 миңдей жарандын колу чогулганы айтылган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG