Израил Газа тилкесиндеги жайларга абадан бир катар чабуулдарды жасады. Жарат алгандар жана набыт болгондор тууралуу маалыматтар азырынча жок. Израилдик аскер башчыларынын белгилешинче, чабуулдардын максаты – Хамас тобунун коопсуздук күчтөрүнүн турумдарын жана жер алдындагы туннелдерди жок кылуу болгон. Израил Египет менен тогошкон чек аранын жанындагы бул туннелдер Газага курал жеткирүү үчүн колдонулуп келет деп эсептейт. Жекшембиде Хамас Израилдин түштүгүнө он ракета учуруп, натыйжада израилдик эки жоокер жарат алган. Буга чейин Израилдин премьер-министри Эхуд Олмерт чабуулдарга жооп кайтарыларын эскерткен. Эки апта мурда Израил жана Хамас элдешүү жарыялаган болчу.