Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:24

Исландияда айым башкарган жаңы өкмөт бийликке келди


Исландия өкмөтүн өлкөнүн тарыхында алгачкы ирээт аялзат өкүлү жетектеп калды. Жекшембиде бийликке келген солчул-чордончул коалициялык кабинетти социал-демократ Йохана Сигурдардоттир башкарып калды. Ал лесбиян экенин ачык айткан саясатчы айым катары да маалым. Мурдагы премьер-министр Гейр Хорде жана анын өкмөтү өлкөнү каржы кризисинин жарына кептегендиги үчүн сынга кабылып, өкмөткө каршы бир катар ири нааразылык чараларынан кийин өткөн айдын соңунда (26-январда) кызматтан чегинген болчу. Дүйнөлүк каржы кризиси Исландиянын экономикасына олуттуу кесепетин тийгизип, өлкөнүн банк системасы кулап, улуттук валюта кунунан кетип, жумушсуздардын саны кескин өстү.

XS
SM
MD
LG