Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:33

АКШ менен Иран өзөктүк программасын көзмө-көз сүйлөшү керек деген демилге бар


Эл аралык өзөктүк кубат боюнча агенттиктин башчысы Мохаммед эл-Барадей Вашингтон менен Тегеран Ирандын өзөктүк программасы тууралуу түз сүйлөшүүлөрдү башташы керек деп билдирди. “Вашингтон Пост” гезитине берген маегинде МАГАТЭнин жетекчиси мындай диалог баштар алдында тараптар алдын-ала шарттарды койбошу керектигин белгиледи. АКШ президенти Барак Обама шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө Иран бийлиги менен түз сүйлөшүү тууралуу бир нече ирээт айткан болчу. АКШ Иранды өзөктүк курал жасоодо деп айыптаса, расмий Тегеран өзөктүк программасы тынч максатты көздөөрүн ырастап келет.

XS
SM
MD
LG