Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:10

Нааразылык акциялардын толкунунда калган Орусия


Орусиянын бир катар аймактарында ишемби жана жекшемби күндөрү нааразылык акциялары өттү. Ага бийликти жактагандар жана оппозициянын тарапкерлери катышышты. Оппозициячыл «Башка Орусия», «Тилектештик» кыймылдары биргелешип «Макул эместер күнү» деп аталган акцияларды өткөрүштү. Демонстранттардын элүүгө жакыны камакка алынды.

Орусияда чыкылдаган суукка карабай нааразылык акция 31-январь жана 1-февраль күндөрү өттү. Маселен, Владивостокто өткөн митингде «Отставкага кетсин!» чакырыгы улам кайталанып турду.

Өкмөт башчы Владимир Путиндин кызматтан кетүүсүн талап кылган чакырыктар башка шаарларда да өткөн. Өкмөт башчы жүргүзүп аткан экономикалык саясатка нааразы болгонун коммунисттер: «Кара май сатып оңой акча таап аткан Орусия кризис учурунда ордунан турбай калды. Мактап келаткан рубль куну кетип куржалак калдык!» деп билдиришти.

Анын каршысында Путин баштап бараткан жол ырааттулук жана кризистен оңой чыгуунун жолу деп «Бирдиктүү Орусия» митинг өткөрдү. Маселен, Кремлдин кызыл чебинин капталындагы Манежде партиянын жактоочулары: «Калк! Медведев! Путин! Бирге жеңебиз!» деп ураан чакырышкан.

Бийлик партиясы уюштурган акцияларды жергиликтүү жетекчилер баштап чыгышкан. Примор крайынын губернатору Сергей Дарькин буларды айтты:

- Мурдагы жылдары жетишкен ийгиликтерибизди колдон чыгарып албаш үчүн биз кризистен мурдагыга караганда тың жана бекем ынтымакта болушубуз керек.

Бирок “карапайым калк андай чакырыкка ишенбей калганы байкалат” деп жазат Франц пресс агенттиги.

«Макул эместер» кыймылы бийликтен уруксат алалбаганга байланыштуу нааразылык акция өткөрүү ыгын өзгөртүп, шаардын ар кайсы жерлеринен чакан топ болуп ураандарын көтөрүп чыгышкан.

31-январда «Азатыктын» кабарчысы жазгандай, «Бириккен жарандар фронт», «Коргонуу», «Жеткинчек», «Согушка каршы клуб» активдеринен чогулган 250дөй киши метронун «Полянка» станциясынан чыга калышып, «Бизге башка Орусия керек!», «Путинди - сотко!», «Чекисттер бийлиги жоголсун!» деген ураандар менен жүрүш башташкан. Аңгыча автобус менен келген бетин чала-чарпы чүмкөп алышкан жоон топ улан мушташ чыгарып, чаң салышкан. Активдердин кээ бирлери токмоктолгон.

Ал күнү ордо шаардын ар кайсы жеринен 50дөй киши кармалганы дайын болду. Дегинкиси, эки күн тең атуулдардын нааразылык билдирүү акциялары милиция менен кагылышсыз өткөн.

Дагы бир митинг 1-февралда Москвада өттү. Бир нече жүздөй киши чогулуп, алар 19-январда Пречистенкада атылып өлтүрүлгөн адвокат Станислав Маркелов менен журналист Анастасия Бабурованы эскерүү үчүн чыгышкан. Алар «Саясий киши өлтүрүүгө жол жок» деген ураан көтөрүп чыгышкан.

Демонстрациялар Москва, Санкт-Петербург, Владивосток, Чита, Томск, Кузбас, Ростов-на-Дону, Екатеринбург жана башка ондогон шаарларда өткөн.

XS
SM
MD
LG