Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда эки тараптын дипломаттык кызматташуу тууралуу Протоколуна Кыргызстандын Орусиядагы элчичи Райымкул Аттокуров менен Бенин республикасынын Орусиядагы элчиси Виссинто Айи де Альмейда 29-январда кол коюшту. Протоколго кол коюу аземи Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинде болуп өттү. Мындан ары эки мамлекеттин дипломаттык кызматташтыгынын түзүлгөн күнү 2009-жылдын 29-январы болуп эсептелмекчи.(ZKo)