Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:01

Роберт Симмонс: Кыргызстан аскердик “Манас” аба базасын чыгарып жиберсе абдан өкүнүчтүү иш болот


Мындай оюн НАТОнун Кавказдагы жана Борбор Азиядагы башкы катчылыгынын өкүлү Роберт Симмонс бүгүн журналисттерге билдирди. Анын айтуусунда альянстын Кыргызстандын Манас аба майданында аскердик аба база ачуу тууралуу максаты жок. “Манас” аба базасында АКШ жана анын союздаштары НАТОнун пландарын ишке ашырып жатат. Ооганстанга аба аркылуу жүк жеткирүүгө көмөктөшүү менен Кыргызстан дүйнөдөгү адамзатка коркунучтуу терроризм, адам сатуу, баңзаттардын күчөшүнө каршы үлкөн салым кошууда. Эгер Кыргызстан АКШнын аба базасын чыгарып жиберсе, абдан өкүнүчтүү иш болот,” деп айтты Роберт Симмонс.
НАТОнун Кавказдагы жана Борбор Азиядагы башкы катчылыгынын өкүлү Роберт Симмонс Кыргызстанга эки күндүк иш сапары менен бүгүн келди. Ал бүгүн 1-вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов жана чегара кызматынын жетекчилиги менен жолугушуп, дипломатиялык академиядагы китепкананын ачылышына катышты. Роберт Симмонс эртең коргоо, тышкы иштер жана чукул кырдаалдар министрлери менен жолугушмакчы.(ZKo)

XS
SM
MD
LG