Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:26

Казакстанда эң ири банк өкмөттүн колуна өттү


БТА банктын Директорлор кеңешинин төргалыгынан четтетилген Мухтар Аблязов мурда оппозиция лидерлеринин бири болчу.
БТА банктын Директорлор кеңешинин төргалыгынан четтетилген Мухтар Аблязов мурда оппозиция лидерлеринин бири болчу.

Казакстанда өлкөдөгү эле эмес, КМШдагы эң ири коммерциялык банктардын бири жана Кыргызстанда да иш жүргүзгөн БТА банк мамлекеттин көзөмөлүнө өттү. Ал эми банктын жетекчиси, оппозициянын мурдагы белгилүү ишмери Мухтар Аблязов өкмөттүн аракетин "мамлекеттин рейдерлиги" деп атады.

Казак өкмөтүнүн дүйшөмбү күнкү жыйынында жарыялангандай, мурдагы "ТуранАлем", азыркы БТА банктын 78,14% акциясы эми Казакстандын "Самрук-Казына" улуттук корунун карамагына өттү. Премьер-министр Карим Масимов өкмөт жыйынында белгилегендей, бул утурумдук гана чара:

- Бул чаралар улутташтыруу эмес. Азыркы мыйзамдарга ылайык, утурумдук гана мүнөзгө ээ.

Карим Масимов ушул эле жыйында БТА банктын директорлор кеңешинин төрагасы Мухтар Аблязов, банктын төрагасынын биринчи орун басары Жаксылык Жаримбетов кызматтарынан четтилгенин жарыялады. Ошол эле күнү банкта жаңы дайындоолор жүргүзүлдү. Банк жетекчилеринин иштен четтетилүүсүн казак өкмөт башчысы алардын аракети "аманатчылар менен кредиторлордун кызыкчылыгына жана учурдагы мыйзамдардын талабына ылайык келбегенине байланыштуу" деп түшүндүрдү.

Өкмөт жыйынын коштой эле эми БТА банктын директорлор кеңешинин мурдагы төрагасы Мухтар Аблязов да өз билдирүүсүн таратып, өкмөттүн аракеттин "мамлекеттин рейдерлиги" деп атады.

"Өкмөттүн БТА банкка карата бүгүнкү аракети – банктын акционерлерине эле эмес, анын меденджментине, шериктери менен кардарларына да каршы багытталган ээн баштык жана мамлекеттин рейдерлиги. Өкмөттүн аракети чиновниктердин экономикалык жактан компетентсиздигин жана саясий жактан сокурулугун көргөзүүдө",- деп жазылат Мухтар Аблязовдун дүйшөмбүдө таратылган билдирүүсүндө.

Казак бийлигинин өкүлдөрү болсо өкмөт жыйынында жана кабарчылар менен болгон маектеринде банк жетекчисинин мындай дооматтарын төгүндөштү. Казакстандын каржы министри Болот Жамишев БТА банк кризиске каршы чара көрө албагандыктан, өкмөт "аргасыз кадамга" барганын билдирсе, Каржы рыногу менен каржы уюмдарын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча агенттиктин башчысы Елена Бахмутова банк берген насыянын 40%ын чет элдиктер алганын белгиледи.

Бахмутованын айтымында, БТА банктын Казакстанда эле 22 филиалы, мындан сырткары Орусияда, Украинада, Беларуста, Грузияда, Кыргызстанда банктары бар. Ал эми Казакстандын улуттук банкынын төрагасы Григорий Марченконун өкмөт жыйынында айтканына караганда, БТА банк кабылган кырдаалдан өз алдынча чыга алмак эмес:

- Банкка акча куюу керек болчу. Аларда мындай мүмкүнчүлүк жок. Атүгүл кошумча насыя алгыдай күрөөсү да жок.

Айтор Казакстандын банк чөйрөсүндөгү бул окуя кызыгуу менен катар түрдүү божомолдорду да жаратууда. Мунун бир жүйөөсү - банктын негизги кожоюну жана башкаруучусу Мухтар Аблязов оппозициянын мурдагы белгилүү лидери экендигинде.

Ал 2001-жылы башка саясатчылар менен бирдикте "Казакстандын демократиялык" тандоосу деген кыймыл түзүү менен президент Нурсултан Назарбаевдин саясатын сындап чыгышкан. Оппозицияга өткөндөн кийин энергетика министри кезинде кызматынан кыянат пайдалаган деп айыпталып, 2002-жылы алты жылга эркинен ажыратылган.

Бирок бир жылдан кийин президент Назарбаев кечирим берип, абактан чыгарылган. Мунун ордуна Аблязов саясаттан кетүүнү убада кылганы айтылган. Бирок байкоочулардын баамында, Аблязов саясаттан четтегени менен оппозицияны жана оппозициячыл басма сөздү колдоону улантып келген. Эми анын банкттан четтетилүүсү экономикалык эле маселеби, же мында саясаттын да үлүшү барбы? Биз бул суроону алматылык саясат тануучу Досым Сатпаевге жолдодук:

- Мамлекет азыр казак экономикасынын ири секторлоруна: чийки заттан баштап, каржы чөйрөсүнө чейин аралашып жатканын, ал эми мамлекеттин артында таасирлүү топтордун конкретүү кызыкчылыктары турганын эске алганда, мен "ТуранАлем" банкынын айланасындагы чатак Аблязовдон менчигин тартып алып, белгилүү бир убакыттан кийин мамлекет акциялардын бул үлүшүн алар айткандай башка стратегиялык инвесторго бериши мүмкүн экенин жокко чыгарбайм. Ал эми мындай инвестор Казакстанда буга чейин бир нече ирээт орун алгандай, бийлик менен шериктеш таасирлүү топ болушу толук мүмкүн.

Кошумчалай кетүүчү маанилүү факт - "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун казак редакциясынын маалыматына караганда, Мухтар Аблязов 20-январда эле президент Нурсултан Назарбаевдин кабыл алуусунда болгон экен. Андан он күн ашуун өткөндөн кийин эле банкын башкаруудан четтетилип олтурат. Казак парламентинин мурдагы депутаты, азыр оппозиция лидерлеринин бири Зауреш Батталова "Азаттыкттын" казак редакциясындагы маегинде бул окуяны "мүлк бөлүштүрүү" деп баалады.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG