Бүгүн Түндүк Атлантика аскерий уюмунун башкатчысынын Борбор Азия жана Кавказ боюнча атайын өкүлү Роберт Симмонс Кыргызстандын тышкы иштер, өзгөчө кырдаалдар жана коргоо министрлигинин жетекчилери менен жолугушат. Анда террорчулук, диний жикчилдикке каршы туруу жана ортолук кызматташтыктын жолдору талкууланмакчы. Кечээ Роберт Симмонс биринчи вице-премьер министр Өмүрбек Бабанов, Кыргызстандын чек ара кызматынын жетекчиси менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Бишкектеги Дипломатиялык академияга НАТОнун белекке берген китепканасын ачуу салтанатына катышкан. (AJ)