Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:17

Саясатчы саман... Ата Мекен жалгыз


Бул күнкү гезиттер жаңы салыктын сапатсыз кабыл алынгандыгы, энергетика, саясат, президенттин Орусияга сапары жана анын кайрылуусу жөнүндө жазып чыгышты.

“Кыргыз туусу” гезити “Саякбай өлгөндө Чыкем жашын төгүп турду”, “Азилсиз акын болобу?”, “Мухаммед кыргыз”, “Тарых улуттук идеологияны, атуулдук ар-намысты калыптандырат” деген ат менен даректүү жана тарыхый баяндарды жарыялады. Булардан тышкары күндөлүк жаңылыктарга жана президент К. Бакиевдин өткөндөгү кайрылуусун колдогон ой-пикирлерге орун берди. Маселен мударис Кусеин Исаев өкмөткө Өмүрбек Бабановдун келиши жөнүндөгү сөзүндө оппозициянын башка мүчөлөрү да ушундай жолго барышы керектигин, ансыз өлкөдө тирешүү күчөп, жарандык согушка алып келиши мүмкүндүгүн, ошондуктан бул маселеде бийлик да, оппозиция да өтө этият болушун, ортодо Ата Мекен деген жалгыз экендигин эске алуулары зарылдыгын белгилеген.

Ал эми:

Мелис Айдаркулов, журналист: -“Эл мамлекетке эмес, мамлекет элге кызмат кылышы зарыл”, “Өлкөнүн келечеги эмгек менен биримдикте”, ”Кыргызстан элинин биримдиги- негизги күчүбүз. Түндүк жана Түштүк жок, бир гана өлкө бар. Биримдигин сактаганда гана Кыргызстан өсүп-өнүгөт” деген сөздөр К. Бакиевдин турмушка реалисттик мамиле жасаган чыгаан жетекчи экенидигин тастыктап, ага болгон элдин ишенимин арттырды,-десе,

Алтымыш Мамбетисаев, Нарын обулусундагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы:- Президенттин былтыркы жылдын октябрь айындагы жана быйылкы 27-январдагы кайрылуусу Нарында колдоого алынууда, -деп айтты.

Кайрылуунун жакшы жактарын колдогон пикирлерин Ысык-Көлдөн Чикеш Дүйшеев, Автандил Абдыкадыров, Таластан Аскар Жылкычиев, Козубек Иманкулов жана Бишкектен Бекбай Алыкулов өз каттарында билдирген.

“Аалам” гезити акыркы эки жылда 100 миңге чукул кыргыз атуулу орус жарандыгын алууга үлгүргөнүн, быйылтан тартып орус өкмөтү чет элдиктерге жарандык берүү тартибин токтотконун маалымдады. Гезит андан ары Транспорт жана коммуникация министри Нурлан Сулайманов кызматтан кетип, ордуна ЖК депутаты Улукбек Ормонов барат экен, ошондой эле Маданият жана маалымат министри Султан Раевдин ордуна ЖК депутаты Ибрагим Жунусов олтурганы калыптыр, Болжурованын бош турган орду Улуттук китепканынан баш деректири болуп иштеп жаткан Жылдыз Кемеловага ыйгарылганы калыптыр деген каңшаарды “Свежий ушак” деген рубриканын алдында таратты. Ушул эле гезиттин кабарчысы Бактияр Шаматов экономист Калнур Ормошев менен салык системасы тууралуу аңгеме курду. Кыймылсыз мүлк салыгы тууралуу суроолорго жооп берген илим доктору Ормошев: “Эгерде ушул салык киргизилсе эл нааразы болот деп 3 жыл мурда эле айткам. Бул салык биздин экономиканын өнүгүшүнө тоскоол гана болбосо жардамы тийбейт. Кыймылсыз мүлккө салык курулуш тармагын токтотот. Коомдо кесепети шектүү келишимдер көбөйөт. Мунун аркасы менен салык салына турган базалар азаят” деди.

Ошону менен катар эле экономист Калнур Ормушев мамлекет менен өкмөт чарбалык талаштарда калыс, чынчыл, акыйкат болушу керектигин, салык төлөөчүлөрдү эсепсиз текшерүүлөр менен кысымга алгандарын токтотушун, мындай обу жок текшерүүлөрдү азайтабыз деген убадалар сөз бойдон калып келатканын да кошумчалаган.

Ал эми “Маданият чөйрөсү коорупцияга ачык” деген макалада: “Маданият жана маалымат министрлигинде коррупцияга жол кенен. Министрлик үчүн артисттердин, мугалимдердин тагдырына караганда кылмышкер чиновниктердин акыбалы кымбат” деп сөз кылып, мурда кызмат абалынан аша чапкандыгы менен соттолгон Т.Бердибаев аттуу адам министр Султан Раевдин буйругу менен Караколдогу Ы. Туманов атындагы музыкалык окуу жайга кайрадан кантип деректир болуп калгандыгы айтылат. Ушул эле санда Түп аймагындагы талашка түшүп жаткан “Мээрим булагы” балдар үйү жөнүндө “Ак Булуңдагы будуң-чаң” деген ат менен кабарчы Сүйүн Курманованын макаласы жарыяланды. Анда балдар үйүндөгү Мирбек аттуу баланын асынып өлгөнүн эч ким билбей калганы, 5 жашар Арай аттуу кыз өзүн-өзү 5 жолу өлтүрүүгө барганы, балдар үйүндө балдардын өз ысымдарын өзгөртүшүп—Майрам - Анна, Майрам - Мария, Арай -София деп атап, кыздарды Маскөөдөгү монастрга алып барышары тууралуу баяндалат.

“Ачык саясат” гезити “Эки өлкөнүн жетеги же эки жүздүү саясаттын этеги” деген макаласында орус-кыргыз-америка маселелери, ажонун Орусия сапары, Камбар Ата ГЭСи жөнүндө кеп салып, айтор америкалыктардын Кыргызстандагы аскерий базасы К. Бакиевдин чекесине чыккан чыйкан болду деп белгиледи. Гансини калтырайын десе, орустар берчү акчадан кагылат, калтырбайын десе америкалыктардын кысымына кабылат, ошентип эгемендик күндөн берки ээрчишип келаткан эки жүздүү саясаттын этегине жеттик көрүнөт деп жазды.

Гезиттин дагы бир баяндамачысы Абдувахаб Мониев “Бакиев Уго Чавес болбой калды” деген макаласында кыргыз президентин Венесуэланын президенти Уго Чавес менен салыштырат. Кабарчынын байкоосунда, Уго Чавес мамлекеттин байлыктарын олигархтардын жеке менчигинен мамлекетке алып жатса, К. Бакиев тескерисинче ГЭСтерди, ТЭЦти, тоону, ташты, кыскасы өлкөгө киреше бере турган нерселердин баарын кыямат кайым болуп кетчүдөй сатып жатат.. Ал бул максатын андан ары карай жылдырыш үчүн жанына Д. Үсөнов, Ө. Бабанов сыяктуу көпөстөрдү топтоп алганын калк көргөн жери жок. Курманбек Бакиев улут атасы болалбаган сыяктуу эле Уго Чавес да боло албай калды.

Гезит ошондой эле энергетика тармагы боюнча адис, “Ай тамга” коомдук бирикмесинин төрагасы Карыпбек Алымкулов менен энергетика маселеси тууралуу маек курган. К. Алымкулов өз тармагындагы жагдайлар боюнча кезинде Венгрияга барганын, ошондо 10 млн. калкы бар бул мамлекеттин тышкы карызы 12 млрд. доллар экендин көргөнүн, кийин өлкө гидростанцияларын, жылуулук станцияларын сатып карызынан кутулуп, алтургай экономикасын көтөргөнгө да каражат топтоп алганын, бизде да ошондой кылса болорун, бирок бизде топтолгон каражат тонолуп, таланып кетмей адаты барын кеп кылган.


XS
SM
MD
LG