Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:15

“Ата Мекен” партиясы Алматыга социал-демократтардын жыйынына барат


Казакстандагы “Бириккен социал-демократтар” саясий партиясынын лидери, мурдагы спикер Жармахан Туякбайдын демилгеси менен “Бүгүнкү күндүн көйгөйлөрү жана социал-демократия” деп аталган эл аралык жыйын уюштурулууда. Ага Социнтерн уюмунун Борбор Азиядагы жалгыз мүчөсү катары “Ата Мекен” партиясы чакырылган. Бул тууралуу “Азаттыкка” маалымдаган “Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаевдин айтуусунда жыйынга катышуу үчүн алты кишиден турган делегация барат. Делегаттардын баары социалисттик “Ата Мекен” партиясынын мүчөлөрү: лидер өзү, Болот Шерниязов, Асия Сасыкбаева, Дүйшөн Чотонов, Райхан Төлөгөнов жана партиянын жаш канатынын лидери Жоомарт Сапарбаев. Жыйын 5-февралда Казакстандын мурдагы борбору Алматы шаарында башталат. Ага Казакстан менен Кыргызстандан тышкары Орусиядан жана башка өлкөлөрдөн делегаттар катышуусу күтүлүүдө.
Өмүрбек Текебаевдин маалыматы боюнча сапар учурунда жыйындан тышкары Казакстандын “Бириккен социал-демократтар” партиясы менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр болуп, кызматташуу боюнча документтерге кол коюулуусу күтүлүүдө.(ZKo)

XS
SM
MD
LG