Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2023-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:25

Иран Ислам революциясы фотокабарчынын көзү менен


Ислам ыңкылабынын колдоочулары Тегеранда демонстрация өткөрүп жатышат, 1979-жыл. Реза Дегати тарткан сүрөт
Ислам ыңкылабынын колдоочулары Тегеранда демонстрация өткөрүп жатышат, 1979-жыл. Реза Дегати тарткан сүрөт

Ирандык фотожурналист Реза Дегати дээрлик 30 жылдан бери дүйнөнүн чар тарабындагы согуш аймактарында катардагы элдин оор турмушун фотокамеранын жардамы менен чагылдырып жүрөт.

Бир нече эларалык сыйлыктардын ээси фотожурналистикага Ирандагы Ислам революциясы маалында аралаша баштаган. Ыңкылаптын 30 жылдыгы ушул күндөрү белгиленүүдө. 1979-жылкы окуялар башталганда ал кезде 27 жаштагы архитектор камераны алып, ошондон бери аны колунан түшүрө элек. Ушу тапта Реза Кабулдагы “Айна” медиаборборун жетектейт.

"Азаттык": 1979-жылы сиз Тегеранда архитектор болуп иштеп аткансыз. Иран революциясын кандайча чагылдырып калдыңыз?

Реза Дегати: 14 жашыман эле сүрөткө тарта баштаганмын. Ошондо эле сүрөткө кызыкчумун. Тегеранда демонстрациялар башталганда архитектураны убактылуу мындай кое туруп, бир нече күн сүрөткө тартып көрөюн деп чечкем. Ошол 3-4 күн 30 жылга созулду. Мен 30 жылдан бери сүрөткө тартып жүрөм.

"Азаттык": Сиз ыңкылапка алып келген демонстрацияларга катыштыңыз беле?

Реза Дегати: Камераны колума алгандан кийин сүрөткө тартуу мен үчүн эң маанилүү нерсеге айланып калган. Сүрөт мен үчүн эң маанилүү жана күчтүү нерсе. Демонстрациялар, согуш болобу, кайда болбоюн, эң оор кырдаалда мен сүрөткө тартууга аракеттенип келдим. Жана бул - колуман келген эң маанилүү иш деген сезим бар. Көчөгө чыкканда дайыма фотоаппаратымды алып жүрөм. Бош колуңду чөнтөккө салып албастан, камера алып жүрсөң сүрөткө тарта аласың.

"Азаттык": Ошол тарыхый күндөр кайсы окуялар менен эсиңизде калды?

Реза Дегати: Иран сыналгысынын эң көрүнүктүү журналисти Мирали Хоссейни экрандан чыгып, режим кулагандыгы жөнүндө кабарлаганы мага чоң таасир эткен. Иранга өзгөрүүлөр керек эле. Эл эңсеген олуттуу өзгөрүүлөр үчүн убакыт талап кылынаарын кийин түшүнөсүң. Ал кезде болсо Иран эли умтулган эркиндик менен демократияга жарым-бир жылда жетсе болот деп ойлочубуз. Азыр да эл максатына жетелектигин айтууда.

"Азаттык": Сүрөттөрүңөр жөнүндө сүйлөшсөк. Ошол күндөрү өкүм сүргөн маанайды эң жакшы чагылдырган сүрөттөр кайсылар деп ойлойсуз?

Реза Дегати: Азыр “Азади” (Азаттык) деп аталган парк анда “Шахияд” деп аталчу. Ал жерде 1 миллиондой киши катышкан ири демонстрация өткөн. Мен ошол жерден тарткан сүрөттөрдө топтолгон элди көрсө болот, адамдардын беттерин жакшылап карасаңыз, чогулгандар бактылуу, күлүп, бардыгы жакшы болот деп үмүттөнүп турганын байкайсыз.

Кийинки жылы ыңкылаптын бир жылдыгында ошол эле бакта салтанат өткөн. Аятолла Хоменеинин уулу Ахмад жана Ирандын революциядан кийинки алгачкы президенти Абдолхассан Бани Садр ал жерге Яссер Арафат менен кошо барышкан. Алар трибунада турушкан. Жамгыр төгүп аткан. Адамдардын айрымдары тапанча, башкалары автомат көтөрүп турушканын көрсө болот эле. Элдин көптүгүнөн кээ бирлер тепсендиде калышкан. Алар жарадар болгонбу же жөн гана эс учун жоготуп койгонбу айта алабаймын.

Мен бир жыл илгери тарткан сүрөттөр менен салыштырып көрдүм. Анда күлүп жайнаган элдин бардыгы бир жерди карап турушкан экен. Кийинкилерде болсо адамдар түртүшүп, бири бири менен урушуп жатканын көрдүм. Бул абдан таң калычтуу. Мен ал сүрөттөрдү эч кандай жазуу же комментарийсиз көрсөтмөгө коюп, жөн гана даталарын жазып койгом. Аларды көргөндөрдүн бардыгы революция Иран элине кандай жаманчылык алып келгенин дароо түшүнүштү.

"Азаттык": Сиз 1979-жылы бир жагынан бактылуу, экинчи жагынан келекчек кандай болот деп камтама болгонуңузду айттыңыз. 30 жылдан кийин Иранды солкулдаткан революция жөнүндө эмне дей аласыз?

Реза Дегати: 30 жылдан бери Иран эли түрмөгө окшогон жерде жашап жатканын, ирандыктардын көбү психологиялык, экономикалык, социалдык кысымга туш болуп келатканын ойлосоң, албетте мамилең жакшы боло албайт.

XS
SM
MD
LG