Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:51

Май айында Ч.Т.Айтматов жылынын жыйынтыгы чыгарылат


Президент Курманбек Бакиев “Аалам Ордо” маданий-этнографиялык борборунда Ч. Айтматов жылынын жыйынтыгын чыгаруу боюнча салтанаттуу иш-чараларды өткөрүү жөнүндө” жарлыкка кечээ кол койду. Ага ылайык, Кыргыз элинин тарыхий-маданий мурастарын сактоо жана андан ары өнүктүрүү, рухий дөөлөттөрүн кайра жаратуу, ошондой эле Кыргызстан элинин рухий борбору болуп калуучу “Айтматов театрын” ачуу максатында 2009-жылдын май айында “Аалам Ордо” маданий-этнографиялык борборунун базасында Ч. Айтматов жылынын жыйынтыгын чыгаруу боюнча салтанаттуу иш-чараларды өткөрүү токтом кылынды. Өкмөткө аталган салтанаттуу иш-чараларды өткөрүүгө ар тараптан көмөк көрсөтүү тапшырылды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. (AJ)

XS
SM
MD
LG