Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:08

Түркмөн укук коргоочулары президентине кайрылышты


Адам укугун коргогон сегиз топ саясий туткундарды бошотуу өтүнүчү менен түркмөн бийлигине кайрылышты. Президент Гурбангулы Бердимухаммедовго жолдонгон ачык катта укук коргоочулар 2006-жылы жети жылга эркинен ажыратылган Аннакурбан Аманклычев жана Сапардурды Хажиевге азаттык берүүнү өтүнүштү. Алар Франциянын сыналгы каналдарынын бири менен Түркмөнстан тууралуу даректүү тасма тартууга көмөктөшкөнү үчүн эркинен ажыратылган. Укук коргоочулар президентти 2006-жылы абакта көз жумган “Азаттык” үналгысынын түркмөн кызматынын кабарчысы Огулсапар Мурадованын өлүмүн иликтөөгө чакырышты.

XS
SM
MD
LG