Мындай пикирин Коммунисттик партиянын лидери Исхак Масалиев билдирди. Анын айтымында, базаны чыгаруу боюнча парламент эки түрдүү чечим кабыл алышы ыктымал. Биринчиси, 2001-жылы базаны жайгаштыруу боюнча келишимди денонсациялоо, экинчиси, келишимди токтотууну өкмөткө сунуштоо. Жогорку Кеңеш 5-февралдагы жыйынында Манастагы АКШ базасына байланыштуу маселени күн тартибине киргизүүнү чечет. Масалиевдин пикиринде, базаны чыгаруу чечимине байланыштуу Кыргызстанда саясий турмуштун активдешүүсү пайда болот. Анткени бир катар саясатчылардын атында АКШ турат.(AiT)