Мындай пикирин “Азаттыкка” саясат таануучу Токтогул Какчекеев билдирди. Анын айтымында, АКШ стратегиялык көз карашы боюнча Орто Азия, анын ичинен Кыргызстан менен мамилесин түзүүгө кызыкдар. “Анткени Кыргызстандын эли эркиндиккке, түзчүлүккө шыктуу жана туруктуу эл. Ошондуктан Америка Кыргызстан менен баары бир карым-катнаштыкка барат жана мамилени үзбөйт”,-дейт Т. Какчекеев. Саясат таануучу базанын чыгарылышы өлкөлөр арасында чыр-чатакка алып келбейт деген пикирде. (КЕ)