Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:35

Кыргызстан Орусиянын басымына туруштук бере албай калды


Мындай пикирин саясий серепчи Орозбек Молдалиев “Азаттыкка” билдирди. Ал кыргыз өкмөтүнүн АКШ аба базасын чыгаруу тууралуу чечимин бюджеттин тартыштыгынан улам болду деп баалады. Экинчиден, Орусиянын басымы болду, бул чечим биздин жетекчилик Орусиянын басымына туруштук бере албай калды дегенди билдирээрин белгиледи. Саясат талдоочунун айтымында, президент мындай чечим кабыл алдык деген менен Жогорку Кеңеш бул маселени карай жана беките элек. “Эгер Орусияда кол коюлган келишимдер ийгилктүү болсо Жогорку Кеңеш чечим кабыл алат. Эгер күтүлгөн ийгиликке жетпей калса анда парламент бул маселени бекитпей коюшу мүмкүн,”- дейт О. Молдалиев. Ал ошондой эле Орусиянын Кыргызстандын карызын кечебиз дегени туура эмес деп, алар Ооганстандын карызын эч нерсеге алмашпай эле кечип койгонун, Кыргызстандан анын ордуна “Дастанды” алып жаткынын сынга алды. (КЕ)

XS
SM
MD
LG