Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:27

АКШ базасын чыгарууда Кыргызстан утуш гана алат


Мындай пикирин Коммунисттик партиянын лидери, депутат Исхак Масалиев билдирди. АКШ авиабазасын Кыргызстандан чыгаруу чечимин туура деп баалаган депутат муну ишке ашыруу үчүн убакыт талап кылынаарын белгиледи. “Эми бул бул чечимди ишке ашырыш үчүн убакыт талап кылынат. Ал өз эрежеси, жолу менен болушу керек”, - дейт И. Масалиев. Партиянын лидери базаны чыгаруунун кесепеттерине токтолду: “АКШдан бул үчүн каражат алып келгенбиз. Ал акча токтоп калат. Экинчиден, бей өкмөт уюмдарга кандайдыр бир жардамдар күчөп кетиши мүмкүн. Анын айынан Кыргызстанда демократияны тереңирээк өнүктүрүш үчүн аракеттер көбөйөт. Балким дагы бир түстүү ыңкылапты өткөргөнгө аракеттер болуп калышы ыктамал”, - дейт ал. Депутаттын айтымында, базаны чыгаруу боюнча толук чечим кабыл алынган соң алар алты айдын ичинде Кыргызстандын аймагынан чыгып кетиши керек. (КЕ)

XS
SM
MD
LG