Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:10

Өкмөт база боюнча келишимди жокко чыгарууну парламентке сунуштады


Өкмөттүн маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, кыргыз өкмөтү АКШ өкмөтү менен 2001-жылы Манаска антитеррордук коалициянын аскерий аба базасын жайгаштыруу боюнча түзүлгөн келишимди жокко чыгаруу боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кеңешке жөнөттү. Келишимди токтотууга негиз катары Ооганстанда мамлекеттик бийлик системасы түзүлгөнү аталган. Андан сырткары кыргыз жараны Ивановдун атылышы, элдин бир бөлүгүнүн базага терс мамилеси жана кыргыз атуулунун Конституциялык сотко кайрылып, келишимдин айрым бөлүктөрү Конституцияга каршы келишин көрсөтүшү негиз болгону көрсөтүлгөн. Өкмөттүн бул чечими Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги аркылуу АКШ тарапка жеткирилиш керек. Бул тууралуу бүгүн өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.(AiT)

XS
SM
MD
LG