Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:03

Т. Мамашев: Санта Клаус - Кыргызстанды туризм өлкөсүнө айлантат


Быйыл да 5-февралдан 8-февралга чейин өлкөдө «Санта-Клаус жана анын достору» аттуу эл аралык экинчи фестиваль өткөт. Бул иш чаранын максаты, эмне себептен кыргыз тайганы, Ысык-Көл, көкбөрү оюндары, кыргыз кол өнөрчүлүгү, салты табылга катары каралбай Санта Клауска басым жасалып жаткандыгы тууралуу кабарчыбыздын суроолоруна мамлекеттик туризм агентигинин жетекчиси Турусбек Мамашев жооп берди.

-Турусбек мырза, кыргыздын Аяз ата, Аяз кызы турса, эмне үчүн Санта Клауска жармашып калдыңыздар, мунун бир сыры барбы?

- Санта Клаус - дүйнөдөгү белгилүү бренд болуп атпайбы, Санта Клаустун аты аркылуу аны менен биздин Аяз-Атаны достоштуруп, биринчи кезекте Кыргызстанды туризм өлкөсү катары дүйнөгө таанууту негизги максат болууда. Экинчиден, биздин көмүскөдө жаткан, унутулуп бараткан, эч турмушта колдонулбай бараткан Аяз-Атаны Санта Клаустай кылып дүйнөгө таанытуу. Негизги фестивалды тосуп алган кожоюн биздин Аяз-Ата болуп, Кыргызстанды жакындан тааныштырып, жаратылышын, кооз жерлерин көрсөтүп, биздин маданиятты, тарыхты, тамак-ашыбызды, биздин кооз татынакай табийгатты тааныштырып, бардык конокторду жетелеп жүрдү. Быйыл дагы эл аралык экинчи фестивалдын меймандарын ошондой Аяз-Ата өзү тосуп алып, келгенден кеткенге чейин өзү баш болуп, өзү Кыргызстанда болгон жакшы нерсенин бардыгын көрсөтөт. Санта Клаусту өтө эле көңүл буруп, өгөйлөп иренжиштин кереги жок. Тескерисинче бул дүйнөлүк брендди ыңгайына жараша колдонуу менен дүйнөлүк деңгээлде фестиваль өткөрүп, Кыргызстанды туризм өлкөсү катары дүйнөгө таанутуунун бир ыкмасы деп түшүнсөңүздөр болот.

- Кыргызстанды туризм өлкөсү катары таануутунун бренди, же болбосо табылгасы катары Санта Клаусту эмес, керемет Ысык-Көлдү, ак-кар көк муз тоолорун, кыргыз тайганын, же болбосо көкбөрүнү, же кыргыздын башка бир улуттук буюмдарын, улуттук салт-санаасын, же табылгаларыбызды, өнөрлөрүбүздү бренд кылып алууга болот беле Санта Клауска жармаша бербей?

- Биздин көк тиреген тоолор, керемет Ысык-Көлүбүз, сиз айткандай тайган, көкбөрү, улуттук бир нече оюндарыбыз бар. Бирок өзүңүз ойлоп көрсөңүз, Санта Клаус бул жүздөн ашык жылдан бери бренд катары бүт дүйнөгө таанылган, муну ушундай деңгээлге жеткирүү үчүн миллиарддаган доллар сарпталган. Бүгүнкү күндөгү балдар жана чоңдор үчүн чоң табылга болуп атпайбы. Биз мисал үчүн көкбөрүнү кантип чыгара алабыз? Аны чыгарыш үчүн дүйнөлүк деңгээлге миллиард долларды сарпташ керек. Аны кайдан алабыз? Мисалы, “Кока-Кола” жүз жыл мурун өздөрүнө бренд катары кабыл алып канча деген акчаны сарптаган. Алар ушундай даражага жетүү үчүн миллиарддаган акчаларды сарптап, “Кока-Кола” бүгүнкү күндө Санта Клаусту дүйнөлүк бренд кылып таанытып отурат.

Биз мисалы Ысык-Көлүбүздү, же көкбөрүнү дүйнөлүк аренага таанытуу үчүн кайдан алабыз ал миллиард долларды. Жок да андай бизде. Ошон үчүн кичине ойлонушубуз керек. Бирок дүйнөгө белгилүү брендге жармашып, жандашып, ошол аркылуу чыгып дүйнөгө тааныла турган мүмкүнчүлүк болуп атат, анын бири катары Санта Клаус Кыргызстанга келди да. Ошол биздин Аяз-Атанын бир тууганы, досу деп чыгып атпайбызбы, “Санта Клаустун жана анын досторунун фестивалы” деп атап атаганыбыздын маани-маңызы да ушунда. Мисалы биз Аяз-Атанын, же көкбөрүнүн фестивалы кылсак ушундай 15-20 өлкөдөн келет беле, келбейт эле да. Биз белгилүү Санта Клаус аркылуу, ошонун белгиси, бренди аркылуу минтип фестиваль өткөрүп, ошол аркылуу Кыргызстанды дүйнөгө тааныталы деген ниетибиз бар.

- Санта Кластун аты менен ушундай чоң фестиваль, же жакшынакай саамалыктарды уюштурууга Швециядагы “Свека” фирмасынын жердин киндиги Кыргызстан деп айтышы себеп болуп калдыбы?

- 2007-жылы жылдын аягында булар математикалык жол менен анализдеп, жер шарынын кайсы аймагынан балдарга белектерди тез таркатуунун жолун издеп атышкан, анан ошол аймак Кыргызстанда болуп атпайбы, мына түндүк кеңдикте 40-40, чыгыш узактыгы боюнча 74-24 деп. Ошентип жер шарынын киндиги - Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Терек айылынын үстүндө 8 км. жерде жайгашкан экен. Ошол аймактан эгер Санта Клаус старт алса, жаңы жылдын алдында биринчи өзүнүн саякатын баштаса 48 сааттын ичинде 2 жарым млрд. балдарга белекти тапшырууга болот экен.

Лапландиядан 78 саатта, бизден 48 саатта белек таратууга болоорун дүйнөлүк адистер далилдешкен. Биздин өлкөнүн айрым тургундары ушуну тааныгысы келбей атат. Кыргыз жергесине өзгөчө кут келип атса, ушуну кыргыздар өзүбүз тээп атабыз, түшүнбөй, буга маани бербей, эмне үчүн бизге Санта Клаус, тигиндей-мындай деп шылдың кеп айтылууда. Мындай түркөйлүк, түшүнбөстүк болбойт. Базар экономикасынын убагында кандай гана жакшы таанылуу, байуунун жолу, жакшынакай ийгиликтердин ыкмасы болсо, аны тез арада колдоно калуунун ордуна, биз өзүбүз келген ырысты тээп атпайбызбы. Фестивалда казак, орус делегаттар айтып атат, силердин бактыңар бар экен, жердин киндиги эгер бизге түшүп калганда биз дүйнө дүңгүрөтөт элек деп.

- Санта Клаус биздин турмушубузга, жаңы жылдык майрамдарыбыздан мурда кирбей калгандыктан өгөйлөнүп келсе керек. Акырындык менен Аяз-Ата Санта Клаустун ордун басып, анан анын досу катары кыргыз кийимдерин кийип, кыргызча жасалга менен балдарга белек таратууга мүмкүнчүлүк алабы?

- Айылдагы мектептен баштап бүгүн шаарга чейин бизде жаңы жылды Аяз-Ата тоспойт, Дед мороз, Снегурочка тосот. Аяз-Ата унутулуп калган биздин турмушта. Ошол Аяз-Атаны кайрадан жандырып, кайрадан улуттук биздин балдардын каарманы кылып, кайрадан улуттук кийим кийиндирип, биздин Кыргыз эл артиси Дүйшөн Байтөбөтов төп келип турат. Кыргыз Аяз-Атасын кийиндирип, апакай Кыдыр -Атадай кылып, көтөрүп дүйнөгө чыгаралы деген биздин агенттиктин аракетин түшүнбөгөндөр болууда . Дүйнө эмес адегенде биз кыргыздар өзүбүз ошол кутту Аяз-Ата тоссун, балдар менен аралашып, жакшылыкка үндөй турган ким, ал Аяз-Ата. Биз азыр кат жазып бардык жака чыгабыз.

Мындан кийин мектептерде болобу, айыл-кыштак, шаар, борбордо болобу сөзсүз түрдө биздин жаңы жылдык каарман бул Аяз-Ата болуусу шарт. Аяз-Ата менен Аяз кыз катышыш керек. Биз Санта Клаустун унаасы кылып топозду мингизип койбодукпу, топоз деген дүйнөдөгү эң байыркы жаныбардын бири. Ал мамонт менен тең, куракташ байыркы жаныбар. Кыргыздагы биздин байыркы жаныбарыбыз топозду Санта Клаус минтип, дүйнөлүк деңгээлге чыгарып атабыз. Үрп адатыбыз, жаратылыш, меймандосчулук, пейили, Манасыбыз, Чыңгыз агабыз, толгон токой биздин брендерибиз бар, бирок ал бренддерди чыгарыш үчүн биринчиден убакыт, экинчиден каражат керек. Бирок Санта Клаус аркылуу анча-мынча ошол иштердин башатында турабыз.

- Санта Клаус деп сайт ачпадыныздарбы. Ошол сайтта Санта Клаустун китепканасы бар экен, орусча, англисче сайт кылдыңыздар, келечекте ошону кыргыз тилинде дагы маалымат булагы кыласыздарбы, андан сырткары ошол маалымат булагында кыргызча ырлар дээрлик жокко эсе экен?

- Бул Санта Клаустун атайын сайты болуп атпайбы. Негизги максатыбыз эптеп Санта Клаусту бизге алып келип,элге таанытып, дүйнөлүк бренд экенин, анан Аяз-Атага, коомчулукка жакындатып алалы деген максатыбыз бар. Кудай буюрса Аяз-Атанын өзүнчө сайтын ачабыз бир аз убакыттан кийин.

- Санта Клаустун резиденциясын курабыз деп идея кылып атасыздар, ошого жер бөлүндүбү, ал канча каражатка курулат. Муну туризм агенттиги мойнуна алып курууга кудурети жетеби?

- Бизге Санта Клаустун резиденциясын борборго жакын болсо деп ойлогонбуз. Мына биздин Ала-Арча улуттук паркыбыз бар, аябай кооз жакшы жер. Биз мамлекеттен ошол жерден Санта Клаустун резиденциясын курууга деп, жер сураганбыз. Жерди берди, бирок ал жер кичинекей, тардык кылып атат. Биз дагы жазып кененирээк алып, анан ошол жерге салалы деген ниетибиз бар. Ага мамлекеттен бир тыйын кетпейт, биз тендер жарыялайбыз, балким америкалыктар, балким япондор, балким корейлер же биздин кыргыз курулушчулары салат. Кимдин долбоору жакшы болуп, бөтөнчө, биздин колорит менен кооз кылып сала турган болсо, биз укукту ошол компанияга беребиз. Алар өздөрү салышат, өздөрү колдонот, тейлейт. Бул абдан чоң туристтик объект болуп калмакчы.

- Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG