Бул тууралуу билдирген Жогорку Кеңештин басма сөз катчысы Авламбек Жумабаевдин айтымында, кечээ өкмөттөн 3-февралда Москвада кыргыз-орус өкмөттөрдүн ортосунда кол коюлган келишимдердин жана Манастагы АКШнын аскерий аба базасын чыгаруу тууралуу өкмөттүн токтому келип түштү. Жогорудагы документтер парламенттин комитеттеринин кароосуна жиберилди. Жумабаев бул маселелер регламент боюнча комитеттерде каралып, андан соң парламенттин кароосуна коюларын билдирди. Кыргызстан менен АКШ ортосундагы келишимге ылайык, кыргыз бийлигинин АКШнын аскер аба базасын чыгаруу боюнча чечими Жогорку Кеңеште тастыкталган соң, аскер аба базасы алты ай ичинде өлкөдөн чыгарылышы керек. (AJ)